// //

Балалуу болбой жатканыбызга арак ичкени таасирин тийгизеби? Уролог жооп берет

2019.10.11, 16:11
1297

Турмушка чыкканыма 1 жыл болду. Балалуу боло элекпиз. Текшерилсек, себеби күйөөмдө экен. Суук тийгендиктен уругунун пайызы аз, деген жыйынтык чыккан.

Бирок жолдошум ошого карабай ичет. Достору менен кетип, таңкы 4-5те келет. Кайын энеме балаңызга айтыңызчы, күндө ичип келет, ошого балалуу боло албай жатабыз десем, мага таарынды. Аракечтер деле балалуу болуп жатпайбы деп.

Балалуу болбогонубузга ичкени чындап таасирин тийгизеби?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.10.2019, 16:12

Азат Бейшенов

Уролог

Албетте, арак ичкени анын ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Өзүнүн деле көйгөйлөрү бар экен, спирт ичимдиктерин ичкени, абалды ого бетер оорлотууда.

Тукумсуз деген диагноз 3 жылдын ичинде балалуу боло албаса коюлат. Силердин үйлөнгөнүңөргө 1 жыл болуптур. Демек, дагы убакыт бар.

Абалды оңдоо мүмкүн же мүмкүн эмес экенин анализдердин жыйынтыгын, спермограмманы көргөндөн кийин так айтып бере алам.

Ооба, аракечтер деле балалуу болуп жатышат. Бирок ал балдардын ден соолугу, психикалык абалы жакшы эмес. Бала кезинде билинбесе да, кийин сөзсүз таасири тиет. Ошондуктан балалуу болууга жана кош бойлуулуктуу пландоого жоопкерчиликтүү мамиле жасоо зарыл.

Менин жеке пикирим боюнча, жолдошуңуз да ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле жасап, балалуу болууга аракет кылса болмок.

Ал эми кайын журтту экөөңөрдүн мамилеңерге кийлигиштирүүнүн кереги жок.  

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт