Баланы горшокко кантип үйрөтсө болот? Балдар психологу кеңеш берет
Саламатсызбы. Менин балама 1 жаш 10 ай болуп калды. Заарасын жакшы эле кармап калды, сийгиси келсе аласын кармап билдирет. Бирок тосуп же горшокко отургузсам ыйлап отурбайт. Тургузгандан кийин сийип коет. Кантип горшокко үйрөтөм, кеңеш бериңизчи?
Карлыгаш Акимкулова
“Psihoanaliz.kg” пихотерапия борборунун адиси, балдар психотерапевти
Саламатчылык!
Ооба, сиздин балаңызга горшокко отура турган мезгили келип калыптыр. Ал өзүнүн табарсыгын контролго ала алат. Бирок эмнегедир, горшокко болгон мамилеси негативдүү экен. Балким катуу урушуп, же чаап койгонсуз?
Демек балаңызды аны менен достоштуруңуз. Өзүнө жаккан, өзү тандаган горшок алып бериңиз. Дароо эле ага отургуза салганга шашылбай, жаңы буюм менен ойносун. Ичине каалаган буюмдарын салсын, башына кийсин.
Жакшы көргөн оюнчуктары да сийгиси келгенде горшокко отурат, деп көрсөтүңүз. Сүйүктүү куурчагын же мамалагын тосуп өзү да ойносун.
Муну менен баладагы коркуу сезимин жеңүүгө жардам бересиз. Чыдамкайлык менен горшокко отуруу керектигин түшүндүрүңүз. Сийип койсо, урушпаңыз, кыйкырбаңыз, урбаңыз.
Ар бир горшокко отурганын мактаңыз. Сиздин мактооңузду угуу үчүн бул иш аракетин кайталайт.
Башкысы сабырдуулук.
Кененирээк бул жерден окусаңыз болот:
Баланы горшокко кантип үйрөтүу керек?
Карлыгаш Акимкулова менен инстаграмдагы @Psihoanaliz_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.