// //

БАРДЫГЫ мүмкүн! Студенттер үчүн бекер wi-fi

2018.10.12, 09:20
1362

«Можно ВСЁ! 2.0»  аталышындагы жаңы тарифтик планды Beeline  атайын студенттер үчүн иштеп чыкты. Жогорку окуу жайларында окугандардын муктаждыктарын эске алып, компания жумасына 8 гигабайт интернет-топтому, түнкү чектөөсүз интернети, тармак ичинде акысыз чалуулар жана башка тармактарга акысыз 10 мүнөттү камтыган тарифти ишке киргизди.  

Бул тарифтик план - технологияларга жана билим берүү ресурстарына жетүү мүмкүнчүлүгүн жеңилдетүү боюнча масштабдуу долбоордун бир бөлүгү. Долбоордун алкагында Beeline компаниясы студенттер үчүн жеңилдетилген тарифтен тышкары Кыргызстан университеттерин  зымсыз интернет менен акысыз камсыз кылат.   

Азыркы учурда компания ылдам wi-fi-га 17 университетти жана 3 колледжди кошту. Алар  Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Бишкек гуманитардык университетинин, Раззаков атындагы Кыргызстандын Мамлекеттик Техникалык Университетинин, Кыргызстан эл аралык университетинин, Кыргыз экономикалык университетинин бардык корпустарын туташтырды.     

«Компаниябыздын негизги багыттарынын бири - билим берүү. Кыргызстандын окуу жайларынын студенттеринде билим берүү ресурстарына тоскоолдуксуз кирүүгө мүмкүнчүлүгү болуш керек деген максатты койгонбуз. Азыр жаштарга университеттерде берилген окуу куралдары жетишсиз. Алар онлайн китептерди окушат, өзүнүн долбоорлорун иштеп чыгышат, онлайн университеттерде билим алышат. Интернет - дүйнө жүзү менен болгон байланышты өркүндөтүү үчүн зарыл. Жакынкы арада биз - Оштун жана Жалал-Абаддын окуу жайларына да  wi-fi роутерлерди орното баштайбыз», - деди Ирина Хегай, Beeline  МТда бизнес-тиркемелер архитектураларын өнүктүрүү кызматынын жетекчиси.  

Бишкек гуманитардык университетинин өкүлүнүн айтканына караганда, телекоммуникациялык компания менен кызматташуу ЖОЖдор үчүн стратегиялык жактан маанилүү, анткени, алар студенттер үчүн кошумча шарттарды түзүп жатышат.   

«Beeline компаниясы менен жарым жылдан бери кызматташып келебиз. Алар биринчи кезекте  университеттин бардык корпустарында wi-fi роутерлерди орнотуп беришти. Биз мониторинг жүргүздүк, ылдамдыкты карадык. Beeline бүгүнкү күндө мобилдик операторлордун арасында алдыңкы орунду ээлерин эске алып, туруктуу кызматташууну чечтик. Биринчи кезекте, студенттер үчүн шарттарды түзүү керек – алар зарыл маалыматты алуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонушу керек. Сиз билгендей, азыркы маалымат жана технологиялар доорунда бардык информацияны интернеттен алабыз», - деп БГУ өкүлү Ялкун Даутов белгилеп кетти.   

«Биздин башкы милдет - студенттер үчүн сапаттуу билим берүү жаатында кызмат көрсөтүү жана зарыл болгон шарттарды түзүү. Биздин миссиянын жана милдеттерибиздин контекстинде мындан ары да компания менен өнөктөштүктү караштырып жатабыз, анткени биздин студенттерибиз wi-fi, мобилдик тиркемелерди колдонууларын каалайбыз. Мүмкүн мындан ары аларда электрондук китепканаларга жана билим берүү ресурстарына кирүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Биздин өнөктөштүк негизделген контент кеңейиши керек», - деп ал кошумчалады. 
 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт