Апамдын сол кулагы чыйылдап, зыңылдап жатат. Эмне кылсак болот?
Саламатсызбы! Апамдын сол кулагы дайыма жана кечинде көбүрөөк чыйылдап, зыңылдайт. Бир жылдай болуп калды. Көп ооруканаларга көрүнүп, томографияга түшүп, невролог, терапевт жазып берген дарыларды алды. Бирок айыкпай жатат. Эмне кылсак болот?
Таттыгүл Агыбаева
Лор
Саламатсызбы!
Текшерип көрмөйүн толук кеңеш берүү кыйын. Жазганыңызга караганда апаңыздын угуу нервине доо кеткен. Кан басымын дагы билүү керек.
Неврологго, терапевтке көрүнсө эми лорго көрүнүп көрсүн.
Аудиограмма жасап угуу нервин текшерүүдөн өткөрүү керек. Кулактагы шумду кетирүү үчүн болжолдуу түрдө бир айдай тынбай дарылануу керек. Ошондой эле бир жылда бир дарылануу курсунан өтүп туруу сунушталат.
Кулактын бир тарабы гана болсо, моюндагы остеохондроздон дагы болушу мүмкүн. Томографияны көрүү керек. Ошондой эле артериалдык басымдын жогорулап кетишинен дагы шум пайда болот.
Апаңызга ден соолук каалайм!
Кошумча маалымат: Кулактын зыңылдашынын себептери