Эч кандай мыйзамды, эрежени бузбасам да жумуштан кетирем дейт. Эмне кылам?
Мамлекеттик жумушта иштейм. Эмгек акысы сакталбаган өргүү алып, арыз жазып кеткем. Кайра келсем жумуштан чыгарам дейт. Бардыгы мыйзам түрүндө болгон, эч кандай эрежени бузбай бир күнгө эле кеткем. Кайсы мыйзамга таянып иш ордумда кылып калсам болот? Толук түшүндүрмө бересизби?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман, Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинин 133-беренесинде «Үй-бүлөдөгү шарттар жана башка жүйөлүү себептер боюнча кызматкерге жазуу жүзүндөгү арызы боюнча эмгек акысы сакталбаган өргүү берилиши мүмкүн, анын узактыгы кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосундагы макулдашуу боюнча аныкталат» деп көрсөтүлгөн.
Ошондой эле иш берүүчү кызматкердин арызынын негизинде эмгек акысы сакталбаган өргүү берүүгө милдеттүү түрдө берчү учурлар дагы бар. Бул шилтеме аркылуу таанышсаңыз болот http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/1505/300?cl=ky-kg&mode=tekst.
Ушул эле 133-беренеде «Кызматкер айлыгы сакталбаган өргүүдө болгон мезгилде анын жумуш орду (кызмат орду) сакталат» деп көрсөтүлгөн. Ошондой эле ушул кодекстин 83-беренесиинде иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишимин бузуусу көрсөтүлгөн. Ошондуктан сиздин аракеттериңизде 83-беренесинде көрсөтүлгөн учурлар жок болсо, кабатыр болбоңуз.
Эгерде сизди негизсиз эле жумуштан бошотушса анда, тезинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына арыз менен кайрылсаңыз болот.
Белгилеп кетчү жагдай жумуштан бошотуу боюнча эки айдын ичинде арыз менен кайрылуу керек болот. Өзүңүздүн мыйзамдан кабарыңыз бар экендигин жумуш берүүчүгө билдирип коюңуз.
Сизге ийгилик!