// //

Кайын атам мага көйнөк алып бергенди жакшы көрчү

2019.10.01, 16:38
2898

Бүгүн эмнегедир кайын атамды эстедим. Быйыл өтүп кеткенине 8 жыл болот. Ыраматылык кайын атамдан сыйдан башка эч нерсе көрбөдүм. Аттиң, 100 чыкса кана. 

Болочок кайын-журтум менен таанышкан күн дале эсимде. Ошондо эле бул өзгөчө үй-бүлө экенин байкагам. Кайын энем чай көтөрүп келатса, кайын атам тура калып, “колуң күйгөн жокпу, мен куюп турайын, сен тамагыңды карай бер байбиче, жардам керек болсо чакыр” дегенде таң калгам.

Бекен менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндө аялзатына жасаган өзгөчө мамилесин байкачумун. Көрсө, атасы алтындай адам турбайбы.

Кайын атам себепсиз белек бергенди жактырчу. Базарга барса кур кол келчү эмес. Кайын энеме, мен келгенден кийин мага сөзсүз бир нерсе сатып алчу. Бир күнү мага көйнөк алып келиптир. Жаш баладай сүйүнүп, “Гүкүш, кийип көрчү, жаңы чыккан көйнөктөр дейт, атайын сага алдым”,- деп кудуңдап кирип келди. Аябай сүйүнүп, ыраазы болдум. Кийин да бир канча көйнөк алып келип берди.

Байпак сатып алса да, кайын энем экөөбүзгө окшош кылып алчу.

Келгенден бери кайын энем экөөнүн урушканын көргөн жокмун. Ар дайым бири-бири менен тамашалашып басып жүрүшчү. Кайын энем кышкыга салат жасаса, кайын атам отун жагып, банкаларын жууп берип, жашылчалырын туурашчу.  Кайын энем ооруп калганда, жанынан чыкчу эмес. Кайнатма жасап берип, бутун ушалап отурчу.

Бекен да атасын жазбай тарткан. Көңүлүмдү карап турат. Уулубузга азыртадан эле, “Чоң атаңа, апаңа жардам бер, сен деген эркексиң”,- деп айтып турат. Балам 8-мартты өзүнүн туулган күнүнөн жакшы билет. Таң эрте туруп чоң апасы экөөбүзгө гүл сунат. 

Турмушка чыккыча, ар кимдин айтканын уга берип, кайын журтту бир желмогуз катары элестетчүмүн. Алыс кетпейин, өз атам апама жардам бермек тургай, ооруса акыбалын сураганга жарабайт. Көрсө беш кол тең эмес экен. 

Кыш. Кайын атам күйөөмө “уулум, апаңа, Гүкүшкө жакшы кара, кыйналып калышпасын” деген бойдон үзүлүп кете берди.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт