// //

Сайкал Сагынбаева: “Аракеттенсеңер кыялыңар орундалат!”

2018.10.10, 10:03
2160

Кытайда окугуңуз келет, бирок, бекер билим алууга мүмкүнчүлүгүңүз жок. Анда Хайнань шаарында бекер билим алып жаткан Сайкал Сагынбаеванын маегин окуңуз.

Сайкал өзүң жөнүндө айтып берсең?

Салам достор, мен Ош областына караштуу Араван районунда төрөлгөм. 2017-жылы Уркуя Салиева лицейин аяктап,  Ош мамлекеттик Университетинин Кыргыз - Кытай факультетине тапшырдым. Кичинемден эле тил үйрөнүп, чет мамлекеттерге саякаттагым келчү.

Демек, кыялдарың орундалган турбайбы?

Ооба,  кыялым орундалып, учурда Кытайдын Хайнань шаарында билим алып жатам. Бул жер көп улуттуу студенттердин шаары. Сабак берүү методикасы өтө жогорку деңгээлде. Бош убакыт жок, сабактан тышкары китеп окуп, спорт оюндарына катышуу керек.  

Хайнанда окуу оор эмеспи?

Бул жерде көп ыктыярчылар бар. Алар кытай тилин өздөштүрүүгө жардам беришет. Студенттер үчүн бардык шарттар түзүлгөн, эч кандай кыйынчылык сезген жокмун. Буйруса окуумду ийгиликтүү аяктап, мекениме кайтам деп турам.

Кытайдан кантип билим алса болот?

Биринчиден, кытай тилин башталгыч деңгээлде билүү керек. Окуу жайларга тапшыруу үчүн 6 баскычтан турган HSK (тил өздөштүрүү деңгээли) тестин тапшырасыз. 3 баскычын тапшырсаңыз, Кытай тилинде эркин сүйлөп, ой бөлүшө алат деген статуска ээ болосуз да, билим алууга, жумушка орношууга же саякаттоо үчүн виза ача аласыз.

Акча маселесине токтоло кетсең?

Ай сайын берилчү стипендиябыз тамак-аш, баскан турганга кеңири жетет. Жатакана менен университет камсыз кылат.

Алдыда кандай  пландарың бар?

Хайнанга 6 айлык окууга келгем. Убакыт тез өтүп жатат, сабактар аябай кызыктуу. Окуумду ийгиликтүү аяктап, алган тажрыйбамды Кыргызстанда бөлүшкүм келет. Окуйм деген баардык досторго ийгилик каалайм, кыялдар орундалат, болгону аракеттенүү керек.  

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт