// //

10 жыл мурун окуумду таштап койгом. Азыр улантсам болобу?

2019.09.24, 09:54
1122

Саламатсызбы! Кечки мектеп тууралуу маалымат берип коесузбу. Себеби 10 жыл мурун 8-класстан кийин окубай калгам. Тогуздун аттестатын алып окууга тапшырайын дедим эле. Азыр окуумду улантсам болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.09.2019, 10:01

Чынара Исакова

Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси

Саламатсызбы! Кечки мектепте убагында мектепти бүтпөй калган окуучулар, үй-бүлөлүү адамдар жана башкалар окуйт. Ал жерде жаш куракка чектөө коюлбайт. Андыктан 10 мурун окууңузду уланта албай калсаңыз, эч кабатыр болбой, мектепке тапшырып, аттестат алсаңыз болот. 

Мурун кайсы мектепте окусаңыз, ошол жерден документтериңизди, жетишүү табелдериңизди барып алып, жашаган жериңиздин райондук билим берүү борборуна кайрылып, кечки мектепке тапшырсаңыз болот. Эскертүү! Кечки мектепте окуу акысыз.

0312 61 23 40 номерине байланышсаңыз, кечки мектептер жөнүндө толук маалымат берем.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт