// //

Эмне үчүн адамдар үй-бүлө курат?

2018.10.09, 13:46
2535

Саламатсыздарбы! Мен 21 жаштамын. Студентмин. Айылга баргым келбейт. Барсам эле жакындарым “турмушка чык, калып каласың, жашың келип калыптыр” деп тынчымды ала беришет. Чала тааныш адамдар “күйөөгө качан тиесиң” деп сураганда өзүмдү араң токтотуп калам. Сиздерден сурайын дегеним, апамдар айтып жатат же жашым өтүп баратат деп турмушка чыга бериш керекпи? Эмне үчүн адамдар аял алып же күйөөгө тиет? Барган сайын ушул суроо тынчымды алып келет.

Тамара Воронцова, психотерапевт

Адамдар эмне үчүн күйөөгө тийип же аял алат? Эмне үчүн биз ушунчалык түгөйүбүздү издейбиз? Биз эмне жарым абалда болобузбу? Келиңиз, бул маселенин 2 маанилүү жагын карап көрөлү.

Биринчиден. Биз биологиялык жанбыз жана тукум улоо инстинктибиз бар. Ал жок болсо, анда  жердеги бүт жашоо жок болмок.

Экинчиден. Биз социалдык жанбыз жана коомсуз, баарлашуусуз жашай албайбыз. Бизге тууган, жубай, достор, кесиптештер, балдар менен чоң ата, чон энелер керек. Биз табият, өсүмдүк, жаныбарлар, ал тургай, өзүбүз менен сүйлөшөбүз. Бекеринен эң коркунучтуу жаза адамды коомдон кууп коюу болгон эмес.

Элдин басымдуу көпчүлүгү экиден жашашат, жалгыз жашагандар да бар. Кимдир-бирөөнүн үй-бүлөсү менен 15 баласы болсо, ал эми кээ бир адамдар никеге тургусу же жөн гана сүйүүгө жолуккусу келбейт. Бул деле нормалдуу жана бир нече себептерден көз каранды болот. Көп генийлердин, таланттуу адамдардын үй-бүлөсү жок экенин билебиз. Алар чыгармачылык менен алектенип, ачылыштарды жасашкан – бул сублимация деп аталат - сексуалдык энергия чыгармачыл энергияга айланат.

Адам жалгыз жашай албайт, эркек менен аял жөн гана чогуу жашай алышы мүмкүн (биологиялык түр сыяктуу), ал эми үй-бүлө балдар үчүн курулат! Бала ата-энесинен энергия алат жана аны ата-энесинин бирөөсү гана бакса, жарым энергия алып калат. Бактылуу балалык адамга чыгармачылыкка жана жаратмандыкка толгон, комплекстери жок өмүр берет. Ошондой болушу керек!

Изилдөөлөр боюнча, үй-бүлөлүү адамдар көп жашайт, өзгөчө бирин-бири түшүнүп, компромисске бара алган жубайлар. Буга сүйүү гана эмес, бири-бирине болгон урмат-сый  жардам берет. Байланыш маданияты, үй-бүлө, достук, балдарды тарбиялоо эрежелери бар жана алар мектептен баштап окутулушу керек. Тилекке каршы, биздин коомдо андай жок. Ошондуктан ажырашуулар, жек көрүү жана зордук-зомбулуктар көп.

Жашоо татаал, бирок, ошол эле учурда  кызыктуу. Өзүңүздүн муктаждыктарыңызга жана каалоолоруңузга ылайык өмүр тандап алыңыз. Үй-бүлө куруңуз же жалгыз жашаңыз, эң башкысы, сиздин бейкуттугуңуз жана канааттангандыгыңыз! Бактылуу болуңуз! Чечим өз колуңузда.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт