Сүйлөшкөн кызымды күйөөгө бергени жатышат. Мен эмне кылсам болот?
Саламатсызбы. Менин сүйлөшкөн кызымды ата-энеси күйөөгө бергени жатышат. Кыз 17 жашта. Турмушка чыгууга каршы. Бирок ата-энесинин сөзүнөн чыга албайт. Кантип жардам берсем болот?
Ширин Алмазова
“Линия защиты” коомунун адиси, адвокат
Кимди болбосун күчкө салып никеге тургузуу мыйзамды бузуу болуп саналат, ошондуктан эч кимдин андай ишке барууга акысы жок. Андан тышкары мыйзам боюнча, никеге турууга жарактуу деп жашы 18ден жогору болгон жарандарга гана уруксат берилет.
Ар бир жаран ким менен никеге тура турганын өзү чечүүгө акылуу.
Сиздин учурда, эң жакшысы кыздын ата-энеси менен сүйлөшүп, алардын пикирин өзгөртүүгө аракет кылуу.
Болбосо РИИБге арыз менен кайрылсаңыз болот. Андан тышкары аялдарга психологиялык жактан колдоо көрсөткөн кризистик борборлорго да кайрылып көрүңүз.
- “Сезим” кризистик борбору. Телефон номери: +996 (0312) 51 26 40;
- “Даршайым” Зомбулуктун алдын алуу борбору. Телефон номери: +996 (0312) 64 93 50