// //

Канча жаштан баштап пирсинг жасатса болот?

2018.10.08, 14:39
1212

Жаштар пирсинг жасатып жатып анын кесепеттери тууралуу ойлонбойт. Пирсинг - бул каршы көрсөтмөсү бар кичи-операция экенин көбү аңдабайт көрүнөт. Дал ушул себептен улам пирсинг жөнүндө дарыгердин пикирин угуп көрүүнү чечтик.

Мен 16 жаштамын. Мурдума пирсинг тактырайын десем, апам каршы болууда. Пирсингдин зыяны жокпу?

Урматтуу окурман, пирсингди төмөнкү учурларда тагууга тыюу салынган:

- 18 жашка чейинкилерге

- өнөкөт оорулар менен ооруса

- температурасы жогоруларга

- кан айлануусу начарларга

- лидокаиндик препараттарга жана металлга аллергиясы барларга

- канда алкогол жана баңги болсо.

Азыр 16 жашта экенсиз, 18ке чыгып, пирсинг тактырып калсаңыз буларды эске алыңыз:

- Пирсингди кармаардан жана ага дары-дармек сүйкөөрдөн мурун колуңузду тазалап жууңуз.

- Жаңы тагылган пирсингге тийбеңиз.

- Спорт зал, баня, душ жана бассейн менен жылуу ваннаны колдонбой туруңуз.

- Кулагыңызга же бетиңизге пирсинг тактырсаңыз, айыкканча чачыңызды чогултуп жүрүңүз.

- Пирсинг тактырган жер тезирээк айыгып кетиши үчүн йод, спирт, антибиотикалык маздарды колдонбоңуз. Алар жараны ырбатып жибериши мүмкүн.

- Пирсинг тактырган жериңиз толугу менен калыбына келгиче синтетикалык эмес, пахта кийимдерди кийиңиз.

Апаңыз менен кеңешип, бир чечимге келиңиз.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт