// //

Ата-энеге: Эмне үчүн өспүрүмдөр колдорун кесип, өздөрүнө-өзү зыян келтирет?

2019.09.19, 13:30
1256

Психолог Ильдар Акбутин эмне үчүн өсүпүрүмдөр өзүнө-өзү зыян келтире турганын жана аларга кантип жардам берсе болоорун айтып берди.  

Чачтарын жулуу, терисин тытуу, кесүү, күйгүзүү, ийне сайуу, тырмагын тиштөө, сөөктөрүн сындыруу, жараттын айыгуусуна тоскоол болуу – бул жүрүм – турум өсүпүрм куракта же андан мурун башталат. Мындай көйгөйү бар өспүрүмдөрдүн 13%ы  бул аракеттерди жумасына бир ирет кылса, 20%ы стресстин белгилүү бир түрүнүн таасири астында айына бир нече жолу жасайт.

Себептери:

  • Өспүрүмдө өзү туруштук бере албаган эмоциялар абдан көп, ал эми денесинин ооруганы аларды жеңилдетүүгө жардам берет.
  • Өспүрүмдө эмоция такыр жок, ал өзүн сезимсиз деп ойлойт. Денесине залал келтирүү тирүү экенин сезүүгө мүмкүнчүлүк берет. Оору жана агып жаткан кан, аны бул убакка чейин кыйнап келген негативдүү эмоцияларга бөгөт коюп,  жеңилдөөгө жардам берет.

Ата-энелер адегенде шок болуп, сүйлөшүүлөр, коркутуулар менен баласынын экинчи бул ишке барба деп көндүрүүгө аракет кылат. Бирок, өзүнө-өзү зыян келтирүү – бул бир эле жолу жасалчу чагымчыл жүрүм-турум эмес, ал оор жана көзөмөлдөөгө кыйын болгон симптом. Ошондуктан, ата-эненин ички коркуу, жийиркенүү сезимдери менен коштолгон коркутуулары, ынандыруулары эч нерсеге алып келбейт, болгону балдары тырыктарын жана өздөрүнүн кооптонууларын жашыра баштайт.

Оору ушунчалык күчтүү болот дейсиңер, алар психикалык оору басаңдашы үчүн өздөрүнө физикалык оору келтиришет.

Алар бул жүрүм-туруму менен көңүл бурдурууга аракет кылабы? Албетте, баамчыл ата-энелер бир нерсе болуп жатканын дароо эле билип коюшмак. Өспүрүмдөр аларды бирөө байкап же угат деп үмүттөнүшөт, бирок айыптоо менен четке кагылып калуудан коркушат, ошондуктан баарын жашыруун сакташат.

Жеңи узун кийимдерди кийишет, эч ким көрө албаган жерине зыян келтиришет.

Өздөрүнүн иш-аракеттери үчүн коркуу жана уялуу, сейрек учурда гана жардам суроого, ар кандай жолдор менен баарын жашырууга мажбур кылат. Көп учурда бул нерселер пирсинг тагуу, татуировка жасатуу жана башка оорута турган нерселер аркылуу сыртка чыгат.

Алар өлгүсү келеби?

Алар өзүн-өзү өлтүрүүгө эмес, оору менен күрөшүү менен, ушинтип тирүү калууга аракет кылышат. Албетте, алардын арасында суицидке барууга аракет кылгандардын саны көп. Бирок, ошондо да алар, өлгөнгө аракет кылып жатабы же оорутканга аракет кылып жатабы, жакшы түшүнүшөт.

Кантип билсе болот?

Физикалык жаракаттар кийим, ал эми ички дүрбөлөң тышкы кайдыгерлик менен жашырылган болушу мүмкүн, жакын адамдары көп учурда байкашпайт. Бирок, кээ бир белгилери бар:

- денесиндеги түшүнүксүз тырыктар, кесиктер, күйүктөр, көгалалар, адатта, билектеринде, колунда, санында же көкүрөгүндө болот

- кийиминдеги, сүлгүсүндөгү кандын тактары

Жеке буюмдарында курч жана кесе турган нерселердин болушу: лезвие, бычак, ийнелер, айнектин сыныктары же бөтөлкөнүн капкактары.

- көбүнчө жаракаттарынын кайдан пайда болгонун, өзүнүн эпсиздиги же кырсыкка кабылганы менен түшүндүрүшөт

- жаракаттарын жашыруу үчүн, күн ысыкта да, жеңи узун шым менен көйнөк кийишет

- көпкө чейин өзүнүн бөлмөсүндө, ваннада жалгыз калууга аракет кылат, кыжырданат, башкалардан обочолонот.

Эмне кылуу керек?

Ар бирөөнүн чыдагыс оорусу, айтылбаган сөздөрү, күнөөсү, үмүтсүздүгү менен байланышкан жеке себептери жана көйгөйү бар. Сөздөр менен айтууга мүмкүн болбогон чыдагыс эмоциялар, аракеттер аркылуу сыртка чыгат. Дароо психологго кайрылуу керек! Терапия узакка созулушу мүмкүн.

Өспүрүмдөр түшүнүүнү издейт, ошону менен катар өздөрүнүн ички дүйнөсүн тажатма кол салуулардан коргойт.

Алар сүйлөшкүсү келет, бирок өздөрүн түшүндүрө алышпайт. Ошондуктан, балким, бул учурда пассивдүү угуучу боло албаган ата-энеси эмес, башка адам-психолог жакшы дос боло алат. Жардам натыйжалуу болот, эгер ата-энеси колдосо, ишенсе, жин тийген адам катары карабаса.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт