// //

Күйөөм менен урушсам, денем калчылдап жаман болом. Ооруп калбаймынбы?

2019.09.19, 09:56
1500

Саламатсызбы. Күйөөм менен урушсам, денем калчылдап, жүрөгүм тез-тез согуп, жаман болуп кетем. Өзүмдү башкара албай калам. Ага оюмду ачык айткандан корком. Анткени ачуусу тез келет, бардыгы анын оюндагыдай болуусун каалайт. Кээде кол көтөрөт.

Мен чүнчүп кеттим. Азыр да абалым жакшы эмес. Бул нерсе мени ооруга чалдыгып калышыма түрткү болбойбу? Эмне кылышым керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.09.2019, 09:57

Мария Самсонова

Психолог

Саламатчылык.

Сиздин абалда жеке пикириңди айтуудан коркуу нормалдуу реакция. Күйөөңүздүн ачуусу мурдунун учунда деп жатасыз, демек өзүн контролго ала албай, сизге кол көтөрөт. Бул үй-бүлөлүк зомбулук деп аталат. Мындай учурда, башкысы коопсуздугуңузду камсыздоо. Милицияга кайрылыңыз.

Эсиңизде болсун, эч кимдин сизге кол көтөрүүгө акысы жок!

Дене боюңуздун калчылдаганы, сиз өзүңүздүн ачууңузду басып жаткандыгыңызга байланыштуу. Жолдошуңуздун кызыл камчы мүнөзүнө каршылык көрсөтүү үчүн ачууңуз менен колдонууну үйрөнүңүз. Мисалы, кезектеги кол көтөрүүсүнөн кийин милицияга барып арыз жазыңыз. Буга да эрк, чечкиндүүлүк керек.

Өзүңүздөгү табигый энергияны баспаңыз. Ачуулануу сезими адамдарга өзүн коргоо үчүн керек. Башкаларга кайрылып, жардам сурагандан коркпоңуз. Коргонууга толук акыңыз бар.

Сиздин чечкиндүүлүгүңүз жүздөгөн аялдарга жардам берет. Алар да үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүшөт. Унчукпай, жашырып кою, зордук-зомбулуктун уланышына, өрчүшүно алып келүүдө. Себеби, үй-бүлөсүнө кысым көрсөткөндөр, аларга карата эч кандай чара көрүлбөй турганын билишет.

Ооба, биздин өлкөдө, жеке жашоого сырттан киши аралаштыруу уят. Бирок бул туура эмес көз караш. Өзүңүздү жана балдарыңызды коргоп калышыңыз керек. Жардам сурагандан тартынбаңыз.

Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт