// //

29 жумалык кезинде төрөсө болобу? Гинеколог жооп берет

2019.09.18, 13:47
2118

Саламатсызбы. 29 жумалык кезинде төрөсө болобу? Бала жашап кетеби? Өзүм аябай кыйналып кеттим. Дагы эки ай кантип чыдайм деп жүрөм. Ичим да ылдый

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.09.2019, 14:33

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. 29 жума бул өтө эрте, колдон келсе азыр төрөбөй турган жакшы. Заманбап медицинанын жана неонатологдордун 22 жумалык ымыркайларды деле төрөтүп алып, аларды чоңойтуп, торолтууга дарамети жетет. Бирок бала өз маалында төрөлсо анын өмүрүнө жана ден соолугуна тие турган коркунучтар азыраак болот. Жашап кете турган мүмкүнчүлүгү жогору.

Толук ай-күнүнө жетип төрөлдү деп 38-40 жумада төрөлгөн наристелерди айта алабыз.

Жатындын жайгашуусу бойго көтөрүүнүн негизги көрсөткүчү эмес. Башкысы жатын моюнчасынын абалы. Дарыгерлер анын өтө кыска эмеспи жана ачылуусу баштала элекпи, жыйрылган жокпу текшеришет.

Ичтин ылдый болушуна бандаж тагынуу гана жардам берет. Бандаж:

  • белге, жамбаш сөөккө жана бутка салмакты бирдей бөлүштүрөт;
  • теринин кескин чоюлуп кетишин алдын алат;
  • ичти бир аз өйдө көтөргөндүктөн ымыркайды кан жана кычкылтек менен камсыздалышын жакшыртат.

Аман-эсен көз жарып алыңыз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт