Жолдошум көзүмө чөп салат. Психолог жооп берет
Саламатсызбы. Психологдон кеңеш алайын дедим эле. Турмуш курганыма 3 жыл болду. Аз эле сүйлөшүп үйлөнүп алганбыз. Биздин башкы көйгөйүбүз, жолдошумдун көзүмө чөп салганы. Жумушунан келет, телефонун кечке чукулайт, уктайт. Баласы менен деле иши жок. Жада калса колуна алып эркелетпейт.
Ватсабын окусам 2 кыз менен сүйлөшөт экен. Алар акча сураса, “макул, сен үчүн жаным, баарын бергенге даярмын” деп жооп берет. Бири жаш кыз, экинчиси үй-бүлөлүү келин экен.
Чыр чыгарып, кайын энеме айттым. Ал баласын ушуну менен токтот, деп катуу урушту. Ооба, деп бир ай жакшы жүрдү, кийин кайра эле мурунку адатын баштады. Дагы башка аял таап алыптыр. Ага күндо белек-бечкек ташыйт.
Мунусу калабы, же күчөйбү? Эмне кылышты билбей калдым.
Кутман күн!
Жакын адамдын чыккынчылык кылганы, өтө жагымсыз көрүнүш. Бирок мындай нерселер үй-бүлөдө болот. Ар биринин мотивдери ар башка. Мындан көзүңө чөп салган жарыңды кечирүү керекпи же жокпу көз каранды.
Мисалы, эгер эркек мас болуп, бир жолу ала жипти аттаган болсо, бул кылыгына аябай өкүнүп, кечирим сураса, кийинки жашоодо кайталанбаса, анда кечирсе болот.
Эгер эркек билип туруп, атайы башка аял менен мамиле курса, бир нече аялдар менен болсо, демек ойлонуп көрүү зарыл.
Күйөөңүз кармалса деле мурунку адатын калтырган жок. Өзүнүн жеке керт башын гана ойлогон киши окшойт. Ага үй-бүлө канчалык деңгээлде керек? – деген суроо туулуп жатат менде. Кандай баалуулуктары бар? Ал үчүн эмне ыйык?
Бул үзүлтүксүз цикл сыяктуу улана берет. Кыш келет, кар эрийт, жаз келет дегендей. Башка аялга барды, кылыгы ачылып калды, кечирим сурады, кайра дагы бир аялга барды...
Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.