// //

Секстен кийин дароо жуунса бойго бүтпөйт. Мындан башка дагы 6 миф

2019.09.17, 16:55
6625

Мындан 20 жыл мурун секс тууралуу маалымат алуу кыйын болчу. Бардыгы жашыруун, сырдуу жана уят эле. Ошондуктан бул темаларга байланыштуу мифтер өтө көп. Азыр интернет заманында каалаган нерсени билип алсаң болот. Бирок жыныстык катнаш темасына байланыштуу имиштер дале бар. Алардын айрымдарын Bilesinbi.kg айтып берет.

1-миф: Кыздык белгиси алынбаса бойго бүтүшү мүмкүн эмес.

Реалдуулук: Өспүрүм куракта боюна бүткөн кыздардын 7% пайызы кыз бойдон калышат. Башкача айтканда анатомиялык жактан кыздык белгиси сакталуу. Сперма тынымсыз кыймылда болгондуктан көп сааттык саякаттоого дарамети жетет. Ич кийимден же жыныс эриндеринен деле тиешелүү жерге жетип, бойго бүтүп калышы мүмкүн.

2-миф: Эгер эркек аялдын ичине эмес сыртка бүтүрсө, бойго бүтпөйт

Реалдуулук: Үзгүлтүккө учуруган жыныстык катнаштын башкы кемчилиги, жыныстык катнаш башталганда эле, эркектин мүчөсүнөн аз-аздан, тамчылап суюктук бөлүнө баштайт. Анын курамында да сперматазоиддер болот. Андан тышкары оргазм алганга чейин деле урук суюктугу аялдын жыныс кынына ага берет. Жыйынтык, баары бир бойго бүтүү коркунучу калат. 

3-миф: Биринчи секс учурунда кыздын боюна бүтпөйт

Реалдуулук: Бойго бүтүү канчанчы жолу секс болуп жаткандыгына эч кандай байланышы жок. Этек киринин ыңгайлуу циклине туш келе турган болсо (башкача айтканда овуляция учуруна), сперма жумуртка клеткага чейин жетсе, бойго бүтөт. Урук аябай тың, жана жанталашма экенин 2-мифте айтылды. 

4-миф: Туруп алып жыныстык катнашка барса бойго бүтпөйт

Гравитациялык мыйзам бул учурда иштебейт. Биринчиден аялдын жыныс кынынын анатомиясы ушундай түзүлгөн, түнү менен тикесинен тик турсаңыз да, анын ичинен сперманын бардыгы агып түшпөйт. Экинчиден, ичинде калганы деле уруктандыруу үчүн жетиштүү.

5-миф: Эгер кыз оргазмга жетпесе, демек боюна бүтпөйт

Реалдуулук: Бул жаңылыштык аялдын оргазм алышы бойго бүтүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат дегенден улам келип чыккан. Бирок оргазм албай калса бойго бүтпөйт, дегенге эч кандай илимий негиз жок. Өмүр бою оргазм эмне экенин билбей, бирок бир нече балалуу болгон аялдар толтура. 

6-миф: Секстен кийин дароо жуунса бойго бүтпөйт

Реалдуулук: Чынында, теңиринен тескери. Суу сперманын тезирээк жүрүшүнө жардам бере турган фактор. Сууга түшүп жатып да жыныстык катнашка барса бойго бүтпөйт деген мифке да ушул эле жооп жарайт. Ыңгайлуу шартта уруктук сууда бир нече саатка чейин жашай алат. Демек, жыныс кынына кирип, жумуртка клеткасын уруктандыра алат. 

Маалымат letidor.ru сайтынан алынды.

Кош бойлуулук жана секс тууралуу 9 миф

Оргазм тууралуу сиз билбеген кызыктуу маалыматтар

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт