// //

Кош бойлуулуктан сактануу үчүн ийне алам. Ден соолугума терс таасири болбойбу?

2019.09.17, 12:57
1913

Саламатсызбы. Жашым 26да. Үй-бүлөлүүмүн, эки балам бар. Кош бойлуулуктан сактануу үчүн 11 айдан бери ийне сайдарып келем. Жалпы жонунан 3 жолу “укол” алдым. Ошол 11 айдан бери этек кирим келе элек. Ден соолугума терс таасири тийип калбайбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.09.2019, 12:59

Раушан Джумагулова

“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог

Кош бойлуулуктан сактануу үчүн ийне алган аялдын этек киринин келбей калышы норма болуп саналат. Анткени булар таасири көпкө жете турган гормоналдык препараттар.

Ден соолукка терс таасирин тийгизүү коркунучу минималдуу.

Мындай инъекциялар онкологиялык ооруларды дарылоодо, гинекологияда эндометриозду дарылоодо жана контрацепция каражаты катары колдонулат.

Кош бойлуу келиндерге, боору ооругандарга, астма, кант диабети, эпилепсия менен жабыркагандарга каршы көрсөтмөлөрү бар.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт