3 айлык бала тойбой жатабы же өзү эле ыйлаакпы? Педиатр жооп берет
Саламатсызбы. Балам 3 айлык. Жолдошум тойбой жатат, кошумча тамак бер деп айта берет, а менин бергим келбейт. Мага жакшы эле тойгондой сезилет. Бала негизи ыйлагыраак. Кыймылы көп. Же ачкалыктан ыйлап жатабы?
Эдил Садыков
Педиатр
3-4 айынан баштап баланын ичегиси узара баштайт. Узарган сайын тамак көбүрөөк сурайт, анткени бош жерлерин сүт менен толтуруу зарыл. Эгер бош жер калса, ал жака газ толуп, баланын ичи ооруп (кишечные колики болуп) ыйлайт. Буту менен тепкиленип, катуу чаңырып ыйлайт.
Бала бир айда 500 граммдан салмак кошсо демек бардыгы жайында. Курсагы тоюп жатат. Эгер ай сайын андан азыраак салмак кошсо, демек кошумча тамак берүү тууралуу ойлонуп көрүңүз. Балким тойбой жатат, же туура эмес эмизип жатасыз.
Андан тышкары, балаңыз ыйлаак болсо, неврапатологго алып барып көрсөтүңүз.