// //

Канткенде instagram-блоггер боло алам? Блогерден кеңеш

2018.10.05, 17:06
4779

Инстаграм – канчалаган жөнөкөй адамдарды бир заматта атактуу кылды. Кыргызстандагы белгилүү блогерлердин бир жарнамалык посту миң доллардан кем эмес. Чет өлкөлүктөрдүкүн айтпасак дагы белгилүү. Сиз да instagram -блоггери болгуңуз келеби? Анда Асел Минагаванын кеңештерине кулак салыңыз.

  1. Эмнеден баштоо керек?

Алгач өзүңүзгө жаккан тема тандап алыңыз: саякат, билим же жеке жашооңуз тууралуу. Инстаграмдан баракча ачып, бир-эки  жакшы сүрөт киргизиңиз. 

  1. Сүрөттөрдүн сапаты маанилүү

Сүрөттөрүңүз жакпаса капа болбоңуз, атайын программалар менен сапатын жакшыртып алса болот. Өзүм бир нече жылдан бери “lightroom” деген программаны  пайдаланам.

Аша чаап кетпеңиз.

  1. Катталуучулар санын кантип көбөйтсө болот?

Окурмандар баракчаңыздын мазмунуна карайт. Эгерде ал сапаттуу жана кызыктуу болсо, көп лайк топтой аласыз. Катталуучуларыңыздын каалоосун билип алыңыз.

Баарын чын жүрөгүңүздөн жазыңыз.

  1. Блогер болуунун оң жана терс жактары

Окурмандар мага кат жазганда,  блоггер катары жоопкерчиликти сезем. Аларга жооп берип, колдон келсе кеңеш берем. Муну оң тарабы деп айта алам. Терс жагы жеке жашооңду элге көрсөтөсүң. Бул учурда чекти билиш керек.

  1. Белгилүү адамдар гана блогер боло алабы?

Албетте жок!  Популярдуулук келип-кетүүчү нерсе. Сиз идея үстүндө иштеңиз. Ал эми окурман чыныгы курдашыңызга айланышы мүмкүн.

Сиздерге ийгилик каалайм!

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт