// //

Намаз окуган күйөөмдүн наша чегээрин билип калдым деген келиндин баяны

2019.09.16, 15:29
5404

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул келиндин катында күйөөсүнүн сөзүнө турбаганы айтылат. Каармандын аты өзгөртүлдү. 

Айтурган: күйөөм бир да жолу сөзүнө турбады

Күйөөгө тийгениме бир жылдан ашты. Мурун сүйлөшкөн эмеспиз, нике той эле болду. Баш кошкондон баштап акыларымды талап кылып келатам. Окуумду бүтүрүп, мени иштетем деген, тилекке каршы, андай болбоду.

Убакыт өтө берди. Күйөөм үйгө токтобой калды. Иштеген иши жок. Достору менен сайрандап жүрөт. Өзүнчө бөлмөгө жатат. Таң атканда үйгө келип, түштө ойгонот.

Өзү намаз окуйт. Күндөрдүн биринде наша чеккенин билип калдым.

Ошол убакта боюмда бар эле. Аман-эсен көз жарып алайын деп ата-энемдикине кеттим. Албетте, күйөөм өзү макул болду.  

Оңолом деп, балабыз төрөлгөндөн кийин 40 күнгө дааватка кетти. Өзөрөөрүн аябай күттүм, күнү-түнү кудайдан тилендим. Бирок, андай болбоду. Келгенден кийин мурунку адатын кайра баштады.

Кайын-журтум бир басып келип небересин сурап коюшпайт.

Баласына эч нерсе алып бербейт. Дайыма өз ата-энем жардам берет. Сурайын дегеним, бул учурда күйөөмдөн талак сурай аламынбы? Кудай алдында күнөөгө батып калбаймынбы?

Адис эмне дейт

Кадыр Маликов, теолог

Шариятка ылайык, юридикалык жактан алып карасак, эгер эркек нике кыйып жатканда белгилүү бир шарттар менен келишим түзүп, бирок аларды аткарбаса, аял андан талак сурай алат. Мисалы, эркек үй-бүлөсүн камсыздоого милдеттүү. Айталы, сизге иштөөгө уруксат берип, окууңуздун контрагын төлөп берем деген. Берген убадасын аткарган жок, демек, талак суроого толук акыңыз бар. 

Намаз окуп, бирок баңгизат колдонгону, себеп боло албайт. Биз баарыбыз жаңылышабыз дегендей, бул башка маселе.

Эгер күйөөңүз, кайра кайтып келсеңиз деле иштебесе, үй-бүлөсүн камсыздабаса, кол көтөрсө же нике кыйып жаткан учурдагы кол коюлган келишимдерин аткарбаса, андан талак сурай аласыз. 

Менин жеке оюм боюнча, ортоңордо бала бар экен, үй-бүлөнү бузбаганга аракет кылып, адамга дагы бир мүмкүнчүлүк берип көрүү керек. Мүмкүн күйөөңүздүн ата-энеси менен сүйлөшүп көрөсүз, мүмкүн сиздин ата-энеңиз күйөөңүз менен сүйлөшүп көрөт. Айтайын дегеним, жөн гана абалды оңдогонго аракет жасап көрүү зарыл.

Себеби адам жаман эмес болуп калышы мүмкүн, балким айткандарын аткара албайт. Ачык сүйлөшүп көйгөйдү чечкенге аракет кылса болот. Ажырашып кетүү дайым оңой. Ортодо бала атасыз калат. Балким, ал ойлонуп, оңолгонго аракет жасайт. Дагы бир ирет сүйлөшүп көрүүгө аракет кылыңыз. 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт