Алимент төлөгөн күйөөмөн кызымдын операциясына акча сурасам болобу?
Саламатсызбы! Мен күйөөм менен ажырашкам. Эки кызыбызга айына 2500 миң сом алимент төлөйт. Бир кызымдын көзүнө операция жасатыш керек болуп жатат. Ага 1000 доллар кетет экен. Атасынан жардам сурасам болобу? Билем, өзү бербейт. Ошондуктан, сот аркылуу алсамбы дегем.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Ата-эненин өз балдарынын астындагы укук жана милдеттери бирдей. Экөө тең баланын ден соолугуна, физикалык жана психикалык өсүп өнүүгүсүнө кам көрүшү керек.
Күйөөңүз алимент төлөп жаткан болсо, ал алимент баланын күнүмдүк ичип-жегенине кетет. Кызыңыздын ден соолугуна 1000 доллар керек болуп жатса, ага байланыштуу маалымкаттарды алып, "күйөөм өзүнүн баласынын алдындагы ден соолугун чыңдоо боюнча милдеттерин аткарбай жатат" деп сотко кайрылсаңыз болот. Практикамда сиздикиндей жагдай болгон эмес, бирок соттук териштирүү кылса болот деп ойлойм. Соттор да ата болгондон кийин жардам бериши керек деген ойдо болот деген ниеттемин.
Саламатсыздарбы,менин сурайын дегеним,2017ж жолдошум мн ажырашкам,3балам бар,аламудун соту 3балама алимент ондуруп берген,бирок 2017ж бери толобой келет,кантип ондурсом болот Жана кимге кайрылуум кк,кандай документ даярдашым кк,толук маалымат бере аласыздарбы,рахмат