// //

Телефондо вирус бар экенин билдирген 5 белги

2019.09.16, 11:34
1841

Телефонуңуз кызыктай болуп иштеп жатса, анда тынчсызданууга себеп бар. Төмөндөгү белгилерди жакшылап окуп чыгыңыз, эгер бирөөсү тааныш учураса, демек смартфонуңуздун ичине вирус кирип кеткен. 

1. Тажатма жарнамалар чыга берет

Эгер сиз акы төлөнүүчү тиркемелерди орноткон эмес болсоңуз, бирок өзүнөн-өзү эле баннерлер, popup терезе (окно) чыга баштаса, бул вирус кирип кеткенинин далилдери болушу мүмкүн. Кээ бир adware-вирустар телефондун экранына шилтемеси бар терезени чыгарат. URL басканда, сиз бир сайтка киресиз, ал жактан apk-файл жүктөлөт, жыйынтыгында телефонго вирус кирет.

2. Интернет трафиктин көлөмү өсөт

Кээ бир мобилдик вирустар маалыматты жиберүү үчүн интернетти активдүү колдонот. Бул өз кезегинде трафикти колдонууну жогорулатып, чыгашага учуратат. 

3. Смартфон интернетке уруксатсыз кирет

Вирустар телефондун параметрлерин өзү каалагандай өзгөртүп, уруксатсыз эле wi-fi же мобилдик тармакка кошулат. Көпчүлүк адамдар "Мобильная передача" функциясын өчүрүп койгонду унутуп калган экенмин деп, өздөрүн күнөөлөйт, ал эми бул учурда вирустар алардын эсебинен телефонго зыян келтире берет. 

4. Телефондун аккумулятору бат өчөт

Вирустар башка программалар сыяктуу эле, батареяны көп каржылайт. Телефондун аккумулятору бат отуруусу - вирустун белгиси болуп саналат. 

5. Тормоз жана глюктар

Жогоруда айтылгандай, вирустар телефондун ресурстарын каржылагандан уялышпайт. Мисалы, айрым белгилерине токтолсок: 

  • телефон өзүнөн-өзү күйүп жанат
  • тиркемелер оңою менен ачылбайт
  • колдонмолор өзүнөн-өзү ачылып иштей баштайт
  • глюктар көбөйөт
  • телефон катып калат ж.б.

Смартфонду таштандыдан тазалоо үчүн 5 тиркеме

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт