Телефондо вирус бар экенин билдирген 5 белги
Телефонуңуз кызыктай болуп иштеп жатса, анда тынчсызданууга себеп бар. Төмөндөгү белгилерди жакшылап окуп чыгыңыз, эгер бирөөсү тааныш учураса, демек смартфонуңуздун ичине вирус кирип кеткен.
1. Тажатма жарнамалар чыга берет
Эгер сиз акы төлөнүүчү тиркемелерди орноткон эмес болсоңуз, бирок өзүнөн-өзү эле баннерлер, popup терезе (окно) чыга баштаса, бул вирус кирип кеткенинин далилдери болушу мүмкүн. Кээ бир adware-вирустар телефондун экранына шилтемеси бар терезени чыгарат. URL басканда, сиз бир сайтка киресиз, ал жактан apk-файл жүктөлөт, жыйынтыгында телефонго вирус кирет.
2. Интернет трафиктин көлөмү өсөт
Кээ бир мобилдик вирустар маалыматты жиберүү үчүн интернетти активдүү колдонот. Бул өз кезегинде трафикти колдонууну жогорулатып, чыгашага учуратат.
3. Смартфон интернетке уруксатсыз кирет
Вирустар телефондун параметрлерин өзү каалагандай өзгөртүп, уруксатсыз эле wi-fi же мобилдик тармакка кошулат. Көпчүлүк адамдар "Мобильная передача" функциясын өчүрүп койгонду унутуп калган экенмин деп, өздөрүн күнөөлөйт, ал эми бул учурда вирустар алардын эсебинен телефонго зыян келтире берет.
4. Телефондун аккумулятору бат өчөт
Вирустар башка программалар сыяктуу эле, батареяны көп каржылайт. Телефондун аккумулятору бат отуруусу - вирустун белгиси болуп саналат.
5. Тормоз жана глюктар
Жогоруда айтылгандай, вирустар телефондун ресурстарын каржылагандан уялышпайт. Мисалы, айрым белгилерине токтолсок:
- телефон өзүнөн-өзү күйүп жанат
- тиркемелер оңою менен ачылбайт
- колдонмолор өзүнөн-өзү ачылып иштей баштайт
- глюктар көбөйөт
- телефон катып калат ж.б.