Ажырашкан эркекке турмушка чыккым келбейт. Психологдун кеңеши
Саламатсызбы. Мага сиздин кеңешиңиз керек. Жашым 23тө турмушка чыга элекмин. Мага ар дайым, мурда турмуш куруп кийин ажырашып келген мырзалар куда түшүп келе беришет. Мен андай адамдардан корком. Себеби курбу кызым ажырашкан мырзага тийип, жыйынтыгы ажырашуу менен аяктады. Күйөөсү биринчи аялына салыштыра берип, курбумдун кылган иштерине ашыкча сын айта берчү экен.
Эльвира Чокоева
Психолог
Кутман күн!
Түшүнгөнүмө караганда, жигиттер менен жолугушуудан чоочулайсыз, анткени курбуңуздун тагдырын кайталап алам деп коркосуз.
Курбуңуздун мурунку жолдошу аны биринчи аялы менен салыштыра бергени, кийин курбуңуз менен ажырашып кеткенине эч кандай байланышы жок. Алардын үй-бүлөсүнүн бизге белгисиз сырлары бар. Анын үстүнө ал башынан эле, кийинки келинчегине сый мамиле кылган эмес.
Сиздин курбуңуз башка адам, сиз башка адамсыз. Демек сиздин өзүнүздүн жеке жашооңуз жана тандооңуз бар. Ал эми анын күйөөсү ошондой болсо, демек бардык ажырашкан эркектер ага окшош деп ой жүгүрткөн жаңылыштык.
Мырзалар ар кандай болушат. Аялдар да түрдүү. Бири ажырашкан, экинчиси үчүн бул биринчи нике болобу, айырмасы жок. Алар мүнөздөрү келишпегендиктен эки жолго түшүштү.
Эркектердин аялдарды сыйлабаган, башкалар менен салыштырган, басынткан, кемсинткен сапаттары үй-бүлө кургандан кийин, же ажырашкандан кийин пайда болбойт. Сиз айтып жаткан эркектин мүнөзү башынан эле ушундай болчу.
Баш кошо турган мырзаны, ажырашкан же үйлөнө элек деп эмес, анын мүнөзүнө, адамдык сапатына карап тандаңыз.
Башкысы эркек жоопкерчиликтүү, ишенимдүү, сизге, сиздин жакындарыңызга жана досторуңузга сый мамиле кылган адам болуш керек.
Ар кимдин өз жолу бар.
Бактылуу болуңуз!
Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.