// //

"Нормальный" жубайлар жумасына канча ирет жыныстык катнашка барат?

2019.09.13, 10:47
12039

Бир учурда жубайларда мындай суроо пайда болот: “Кызык, башкалар жумасына канча ирет жыныстык катнашка барат болду экен?” Ачык-айкын жооп ала албаса да, сексологдор бул тема жөнүндө көп айтып келишет. Алардын эмне деп айткандарын жана жыныстык жашооңузга жардам берчү кеңештерди төмөндөн окуй аласыз. 

Секс менен алектенүүнү токтоткондо мамилеге жарака кетет

Сексологдордо бекем түгөй болуу үчүн канча ирет төшөк кумарына баруу керек деген суроо туулат. Жооптор түрдүү, жумасына бир жолудан, айына бир жолу дегенге чейин.

Жубайлар жыныстык катнаш менен алектенүүнү токтоткондо, алардын мамилеси уруш-талашка, чыккынчылыкка айланат, акыр-аягы ажырашуу менен бүтөт.

Жуптардын жыныстык жашоосуна көптөгөн факторлор таасир этет: жаш курагы, жашоо образы, ар бир өнөктөштүн ден соолугу жана либидосу, өз ара карым-катнаштарынын сапаты ж.б. Ошондуктан, жубайлар секс менен канчалык көп алектениши керек деген суроого так жооп жок. Бирок, сексологдор жок дегенде жумасына бир жолудан кем эмес кошулуп турууга аракет жасоо керек деп сунушташат.

20 000ден ашык  жуп катышкан изилдөөгө ылайык, алардын 26% гана жумасына бир жолу жыныстык катнашка барат. Калгандары айына бир-эки жолу же андан да аз кошулаарын билдиришкен.

Никеде секстин жоктугу көйгөй эмес

Жыныстык катнаштын жоктугу, никеде көйгөйлөр бар экенин билдирбейт. Адатта, секс – сүйүүнү жана бири-бирине болгон каалоону билдирүүнүн бир жолу болсо, анын жоктугу ажырашуу дегенди түшүндүрбөйт. Бирок бул нерсе баары бир жубайлардын ортосунда болуп турууга тийиш. 

Секс өтө чоң мааниге ээ, ал жубайларды бириктирип турган клей сыяктуу, ансыз эрди-катын, жакшы жагынан алып карасак - дос болот, жаман жагынан алып карасак – бир үйдө жашаган бирок күндо кырылган коңшулар болуп калышат.

Машина оңдоо, тамак жасоо, үй жыйноо, акча табуу – өнөктөшү менен сүйлөшүүгө караганда алда канча маанилүү көрүнөт. Сексти токтотуп койгондо, аны дароо унутуп коюу мүмкүн. Бирок кайра алектенип баштаганда, бул нерсе канчалык жетишпей жатканы белгилүү болот. “Пайдаланбасаң жоголот” деген сөздүн мааниси чоң!

Бир да түгөй каалаган, туш келди учурда жыныстык катнашка барууга даяр эмес. Ошондуктан ага алдын ала даярданып, сүйлөшүп алып атайын убакыт бөлүү зарыл. Экөөнө тең ынгайлуу жана экөө тең ырахат алуусу милдеттүү шарт. 

Жубайларга кеңеш

Күн сайын бири-бириңерди кучактагыла, тестостеронду жогорулатуу үчүн физикалык көнүгүүлөрдү жасагыла. Телевизор, телефон, компьютер ж.б. сыяктуу алаксыткан факторлорду өчүрүп салгыла. Буларга карабастан жыныстык жашооңордо кыйынчылыктар болуп жатса, эч уялбастан сексологдорго кайрылгыла.

Маалымат бул жерден алынды.

Кош бойлуулук жана секс тууралуу 9 миф

Биринчи нике түндөн корккон жигиттерге кеңеш

Жыныстык катнашты тажатма көрүнүшкө айланткан 6 себеп

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт