// //

Төрөй турган күнүмдү кантип санап билсем болот? Гинекологдун жообу

2019.09.12, 10:29
1945

Саламатсызбы. Мен кош бойлуумун. Биринчи төрөтүм. Көп нерсени билбейт экенмин. Төрөй турган күнүмдү кантип санашым керек, айтып бериңизчи? Алдын ала рахмат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.09.2019, 10:32

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Төрөй турган күнүңүздү гинеколог, атайын акушердик календардын жардамы менен санап берет. Ал үчүн этек кириңиз туруктуу болуп, акыркы айызыңыздын башталган күнү эсиңизде болушу керек.

Болжол менен төрөй турган күнүңүз акыркы айызыңыздын башталган күнүнөн тартып 40 жума деп саналат. Гинеколог сизге так датасын айтып берет. Ошол күн +/- эки жума, демек белгиленген күндөн эки жума мурун же кийин төрөсөңүз эрте же кеч төрөлдү дегенге жатпайт. 38 жумадан баштап 42 жумага чейин кош бойлуулук жетилген болуп эсептелинет.

Төрөй турган күндү эсептөөнүн дагы бир ыкмасы бар: акыркы айыздын башталган числосунан 3 айды кемитип, 7 күндү кошуу керек.

МИСАЛЫ:

  • Акыркы айызыңыздын башталган күнү 12-сентябрь, андан кемитебиз 3 айды
  • 12-сентябрь - Август, июль, июнь = 12-июнь.
  • 12-июнь + 7 күн = 19-июнь.
  • Сиздин болжолдуу төрөй турган күнүңүз 19-июнь (+/- эки жума).

Эгер этек кириңиз туруктуу эмес болсо, же акыркы айызыңыздын башталган күнү эсиңизде жок болсо, анда төрөй турган күн УЗИнин негизинде эсептелинет.

Аман-эсен көз жарып алыңыз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт