Google сырлары: бул ыкма менен издесеңиз баарын таба аласыз
Google - маалымат издөө үчүн мыкты курал. Ар бир куралдай эле, Googleду колдонгонду үйрөнүш керек. Атайын силер үчүн керектүү маалыматты ыкчам табууга жардам берүүчү ыкмаларды сунуштайбыз.
Конкреттүү сүйлөмдү издесеңиз
Ыр саптарын, белгилүү адамдардын цитаталарын же бир сүйлөмдү издеп жатканда тырмакча белгисин койсоңуз.
Белгилүү бир сайттан издесеңиз
Маалыматты белгилүү бир сайттан табууну кааласаңыз, мындай кылыңыз: site:bilesinbi.kg Жогорку билим
Текстен сөздөрдү издөө
Издеп жаткан сөздөрүңүз бир тексте болуусун кааласаңыз, алдына allintext: деп жазыңыз.
Сүйлөм издөө
Макаладан же кандайдыр бир документтен сүйлөм издеп жатсаңыз, бирок башында же аягында турган сөздөрдү эле билсеңиз, төмөнкү ыкма менен издеңиз: «Сен таза болсоң, AROUND(5) коом таза болот».
Унутуп калган сөздөрдү издөө
Макалдын же ырдын бир сөзүн унутуп калсаңыз, эстей албай жаткан сөздүн ордуна жылдызчаны (*) коюңуз.
“Же-же” издөө
Эгерде эки адамга тиешелүү маалыматты тапкыңыз келсе, эки аттын ортосуна «|» же « OR » деп жазыңыз.
Документ издөө
Документтерди белгилүү бир форматта тапкыңыз келсе, суроонун аягына filetype:doc деп жазыңыз. (doc ордуна башка форматтарды койсоңуз болот)
Синоним боюнча издөө
Керектүү темада сайттарды тапкыңыз келсе, "~" белгисин коюңуз. Мисалы, "туура ~тамактануу"