// //

ТОП-5: балдар үчүн совет кинолору

2018.10.04, 12:02
2454

Батыш кинолору гана укмуш десеңиз жаңылышасыз. Бул кинолор заманбап өспүрүмдөрдү кайдыгер калтырбайт. Атайын сиздер үчүн совет кинолорун топтодук. 

1. Очкарик (1972)

Кубанычбек өзүнө-өзү ишенбеген, күмөн санаган бала. Ал эр жүрөк жана күчтүү болууну каалаайт. Тилеги орундалабы же жокпу бул кинодон билесиз. 

2. Ак кеме (1976)

Баланын өзү куруп алган таза дүйнөсү бар. Анын жалгыз жана жакын досу, таятасы Момун чал. Ал ата-энесин көргөн эмес. Атасы ак кемеде капитан экенин гана билет.

3. Космонавттар көчөсү (1963)

Эки дос бала ар кандай буюмдарды колдонуп, өздөрүнүн кыялындагы космодромду курушат.

4. Эрте келген турналар (1979)

Башкы каарман Султанмурат атасы фронтко кеткен соң, үй-бүлөсүнүн, апасынын жалгыз ишеничи болуп калат. Кыйынчылыктар али алдыда экенин биле элек.

5. Биринчи мугалим (1965)

Дүйшөн аттуу жаш мугалим армиядан кийин айылга келип, аткананы мектеп кылып, билимсиз балдарга жаңы дүйнөнү ачып берет. 

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт