// //

Сүннөткө отургузуу тууралуу эмнелерди билүү керек? Балдар хирургу айтып берет

2019.09.06, 12:28
15864

Bilesinbi.kg: Баланы канча жашында отургузуу керек? Канча убакытта айыгып калат? Кандай жолдору бар жана башка суроолору менен Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын балдар хирургу Элгондиев Азиске кайрылды. 

Сүннөттүн эмне кереги бар?

Медициналык жактан алып карасак, отургузулган бала гигиена жактан таза болот. Кийин ар кандай жыныстык ооруларга кабылып калуу коркунучу азаят. Мисалы, отургузуу менен парафимоз, баланопостит сыяктуу ооруларды алдын алалат.

Отургузулбаган баланын чочосунун башына туз топтолуп, жагымсыз жыттар пайда болот.

Баланы канча жашынан отургузуу керек?

Баланы мынча жашында отургузуу керек деген так бир сан жок. Бирок, бир жаштан өйдө болуш керек. Андан кичине балдар кыйналып калат. Бала 5-6га чыкканча жасаса жакшы болот. Ошондой эле, отургузардан мурун чочосунун өлчөмүн карайбыз. Себеби, кээде гипоспадия сыяктуу патологиялар болуп калат.

Гипоспадия – бул жыныстык мүчөнүн өрчүшүндөгү кемтик - паталогия. Анда заара чыгуучу каналдын тешиги өзүнө тиешелүү жерде эмес, капталында же өйдө жагында, айрым учурларда калтасында же чатында болушу мүмкүн. 

Жаңы төрөлгөндөрдү дароо ырымдап койсо оорубайт деген чынбы?

Бул чындыкка жатпайт, бала ооруну канча жашта болбосун сезет. Жаңы төрөлгөн ымыркайды отургузуу кооптуу, аларда кандын уюусу (свертывание крови) начар. Ымыркайларда дал ушу уюу системасы (свёртывание) жакшы өрчүй элек болот. Ошондуктан, бул мезгилде сүннөткө отургузбай эле турган жакшы. Андан сырткары “желтуха” болуп турган кези. 

Убагында отургузулбай калгандар, кийин канча жашта болбосун, дарыгерге келип кестирип кетсе болот. 

Баланы отургузуунун кандай жолдору бар?

Азыр көпчүлүк лазер менен отургузуу деп айтып жүрүшөт. Лазер деген нерсе жок, ал электрокоагулятор хирургиялык аппараты. Бул ыкманын артыкчылыгы - канабайт, кемчилиги - ткандарды күйгүзүп жиберет. Ошондуктан, биз кайчы, скальпель менен жасалчу хирургиялык методду сунуштайбыз.

Балага жалпы наркоз берилеби же жергиликтүүбү? Ден соолугуна терс таасири тийбейби?

Наркоз берүү экиге бөлүнөт:

  1. Жергиликтүү наркоздо, бала эс-учунда болот, ткандары оорубаш үчүн новокаин, лидокаин сыяктуу оорутпай турган дарылар колдонулат.
  2. Жалпы наркоздо, бала толугу менен уктап калат, эч кандай ооруну сезбейт. Дем алуу жолу аркылуу берилүүчү “масочный” наркоз менен жасалат. Жалпы наркоз 5-10 мүнөткө берилет. Операция бүткөндөн кийин, бала дагы 10-15 мүнөт уктайт. Ойгонгондо дароо үйгө алып кете берсе болот.

Наркоз анестезиолог тарабынан, кыска убакытка, өзүнүн өлчөмү менен берилет. Бала үчүн зыян деп айтуу деле болбойт. Алгач анестезиолог баланы толук текшерүүгө жиберет. Жалпы наркозго каршы көрсөтмө жок болгон учурда гана жасалат. 

Мисалы, жүрөгүнө, борбордук нерв системасына каршы көрсөтмө болсо, бала жөтөл же башка вирустук оорулар менен ооруса жалпы наркоз жасалбайт. Бала толук сакайып кеткиче күтөт.

Учурда биз жергиликтүү наркоздон баш тартып, “масочный” наркозду эле колдонуп калганбыз. Себеби жергиликтүүдө сезгенүүлөр болууда. Ошондой эле, балдар хирургиясында “бала ооруну сезбеши керек" деген нерсе бар. “Масочный” наркоз ооруну сездирбейт.

Баланы кантип даярдоо керек?

Коркок балдарга айтпай деле койсо болот. “Масочный” наркоз менен жасалганда алар эмне болгонун билбей деле калат. “Мени качан отургузасың” деген психологиялык жактан даяр балдарга, чындыкты айта берсе болот.

Процедура канча убакытта жасалат? Канча сом турат?

Баланы отургузуунун баасы ар кандай. Мамлекеттик бейтапканаларда кошумча төлөмдөрдү кассага төлөшөт. Хирургдар мага мынча бересиң деп айтышпайт. Жеке клинкалардыкын айта албайм. Процедура орточо эсеп менен 10 мүнөткө созулат.

Канча күндө айыгат? 

Ар бир баланын жараты ар кандай убакытта бүтөт. Териси чочосунун башына жабышпагандардыкы тезирээк айыгат. Фимоз болгон же иммунитетти начар балдардыкы көп убакытка созулуп кетиши мүмкүн. Чоңдордун жараты орточо эсеп менен бир-эки жумада бүтүп калат.

Фимоз  - бул жыныс мүчөнүн учундагы теринин ичке болушу. Жыныс мүчонүн башын чыгарууга тоскоол болуп турат. 

Процедура жасалгандан кийин эмнелерге көңүл бөлүү керек? 

Баланы отургузгандан кийин, биринчи күнү жаткырыш керек, анткени канап кетиши мүмкүн. Экинчи, үчүнчү күнү акырындап басып жүрө берсе болот. Оорутса ооруну басаңдатуучу дары берүү сунушталат. Жарааты айыккыча левомеколь деген мазды сыйпап туруу зарыл. Үчүнчү күнү марганцовка менен жууп, карт түшкүчө зеленка тийгизип туруу керек.

Эч качан туздуу суу менен жуубаш керек, күйүп кетиши мүмкүн. Ошондой эле синтетика, тыкыс турса кийгизбегиле.

Кандай учурда сөзсүз доктурга кайрылуу зарыл?

Кан акса болсо, шишиги көпкө чейин тарабаса дароо дарыгерге алып келүү керек. “Рубцовый фимоз” деп коют, бул баланын чочосунун башы ачылбай, кайра эт өсүп кетет. Бул учурда да бейтапканага алып баруу зарыл.

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт