// //

Курсактагы бала качан кыймылдап баштайт? Бул тууралуу 8 факт

2019.09.02, 16:40
26223

Болочок энелер баласынын кыймылын качан сезе баштайм? – деп чыдамсыздык менен күтүшөт. Анткени бул этаптан тарта бала менен эненин ортосунда кадимкидей байланыш пайда болуп, бири-бири менен баарлаша башташат. Баланын кыймылы тууралуу 8 фактыны Bilesinbi.kg окурмандарына айтып берет.

  1. Бала сиз байкаганга чейин эле кыймылдай баштайт.

7-8 жумалык кезинен тартып эле активдүү болот. Бул учурда түйүлдүктүн булчуңдары жана нерв системасы калыптанат. Бирок түйүлдүк өтө кичинекей болгондуктан эне эч нерсе сезбейт.

  1. Биринчи жолу кош бойлуу болгондор кыймылды кечирээк байкашат

Ымыркайдын алгачкы кыймылы жумшак, кытыгылагандай сезим калтырат. Көпчүлүк аялдар кичинекей балыктын сүзүп жүргөнүнө окшоштурушат.  Биринчи жолу кош бойлуу болгон энелер кечирээк, 18-20 жумадан кийин байкашат. Ал эми экинчи-үчүнчү наристесин күткөндөр 16-17 жумасында эле байкашат. Себеби, аларга бул сезим тааныш, ошондуктан эртерээк аныктайт.  

Андан тышкары аял кишинин дене түзүлүшүнөн, жана плацента (баланын тону) жатындын кайсы тарабына (алдыңкы же арткы) бекигенинен да көз каранды.

  1. 24 жумасынан тартып бала энеси менен сүйлөшө алат

Ымыркайдын кыймылда болушу анын нормалдуу өнүгүп жана өзүн жакшы сезип жаткандыгынын көрсөткүчү. Башында баланын кыймылы күнүнө бир же эки жолу эле байкалса, улам чоңойгон сайын көбөйөт. 24 жума болгондон кийин энеси баланын айланып жатканын, колу же буту менен тиренгенин сезет.

Ымыркай 24 жумадан 32 жумага чейинки мезгил аралыкта абдан активдүү болот. Ал эненин үнүнө, анын маанайына кадимкидей реакция жасайт. Энесинин жашоо ритмине ылайыкташат, башкача айтканда күндүз активдүү болуп, кечкисин уктайт.

  1. Эгер кыймылдабаса, демек уктап жатат

24 жумадан тартып бала орто эсеп менен саатына 10-15 жолу кыймылдайт. Эгер 3-4 саат катары менен тынч жатса, кабатырлануунун кереги жок. Ал жөн гана уктап жаткан болушу мүмкүн.

32 жумадан кийин анын активдүүлүгү төмөндөйт. Себеби бала чоңоюп, ал үчүн курсактын ичи тар боло баштайт.   

Дарыгерге кайрылуу керек эгер:

  • ымыркайдын кыймылын 12 саатка чейин сезбесеңиз;
  • бир нече күн ымыркай ашыкча активдүу болуп, бир заматта такыр кыймылдабай калса;
  • ымыркайдын кыймылдаганы абдан аз жана алсыз болсо.
  1. Баланын кыймылын кечкисин саноо керек

Садовскинин методикасы деп аталган ыкмага ылайык баланын кыймылына көз салып көрүңүз. Аны кечки тамакты ичкенден кийин жүргүзүү зарыл. Себеби тамактануудан кийин кандын курамындагы глюкозанын деңгээли көтөрүлөт. Бул өз кезегинде ымыркайдын активдүү болушуна түрткү болот.   

Садовскинин методикасы мындайча жасалат: аял сол капталына жатып, бир сааттын ичинде канча жолу кыймылдаганын эсептейт. Эгер бир сааттын ичинде 10 же андан ашык кыймылдаса демек бардыгы жайында. Эгер андан аз болсо, демек гинекологго көрүнүп, УЗИге түшүп, баланын жалпы абалын текшерүү зарыл.

  1. Баланын кыймылы кээде оорутат

Кээде баланын кыймылы катуу болуп, энеге ыңгайсыздык жаратат, айрым учурларда оорутат. Мындайда аял өзүнүн абалын өзгөртүшу керек, отурса, туруп, турса отуруп, бир капталында жатса башка капталына оодарылуу керек.

Акыркы мөөнөттөрдө кабыргага тиреп, туруп алгандай сезилет. Бул да оорутуп, ыңгайсыздык жаратат. Бирок мындай көрүнүш норма катары кабыл алынат. Анткени баланын бою өсүп, курсакка батпай калат.

  1. Балам футболист же боксер болот го

Курсактагы баланын ашыкча активдүү болуусу эненин эмоционалдык абалына байланыштуу болушу мүмкүн. Ошол эле учурда кычкылтектин жетишсиздигинен да бала көп кыймылдайт. Көпчүлүк энелер тамашалап, футболист же боксер болот го, деп айтышат. Бирок бул кооптуу белги болушу мүмкүн.

Кычкылтектин жетишсиздиги гипоксия деп аталат. Башында ымыркай активдүү болуп, бара-бара кыймылы азайып, кийин такыр байкалбай калат. Ошондуктан өзүңүздүн организмиңизди тыншап туруңуз. Гипоксия диагнозу тастыкталса, доктур сизди көрүп, түйүлдүктүн абалын нормалдаштыруу үчүн дарыларды жазып берет.

  1. Кичинекей космонавт

Өзүнүн кичинекей ааламында жашаган 20 жумалык ымыркай суткасына 200дөн ашык кыймыл аракет жасайт. Ал эми 28-32 жумада анын саны 600гө жетет. Албетте эне анын бардыгын сезе бербейт.

Кош бойлуулуктун акыркы үч айында эне баланын режимин кадиммкидей билип калат. Көпчүлүк учурда кечки 7ден кийинки убакыт эң активдүу учуру. Ал эми эртең менен саат 9га чейин уктайт.

Маалымат mama-likes.ru сайтынан алынды.

Кош бойлуулук календары (1-12 жума)

Кош бойлуулук календары (13-24 жума)

Кош бойлуулук календары (25-40 жума) 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт