Балдарымдын окуу китептерине ижара акы төлөймүнбү?
2019.09.02, 09:35
906
Саламатсызбы! Мектептен балдарыбызга берилген китептерге ижара акысын төлөйбүзбү?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.09.2019, 09:37
КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы
Саламатсызбы! Бешинчи жана алтынчы класстардын жаңы окуу китептери үчүн ижара акысы алынат.
Ал эми, КРнын Өкмөтү кабыл алган Жобого ылайык, окуучулар окуу китептерин төмөнкү учурларда акысыз алышат:
- Көп балалуу үй-бүлөлөрдөгү балдар (беш же андан көп бала);
- Социалдык жөлөк пул алган, аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары;
- Ата-энесинин бири же экөө тең I же II топтогу майып болгон үй-бүлөнүн балдары;
- Жалгыз бой ата-эненин балдары;
- Аскер кызматчыларынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, аскердик же кызматтык милдеттерин аткарууда майып, же каза болуп калган үй-бүлөлөрдөн чыккан балдар;
- Жетим, ата-энесинен кароосуз калган балдар;
- Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар.
- Үй-бүлөдө эгер 3-4 баласы мектепте окуса, алар ижара суммасынын 50 пайызын төлөшөт.
0
Пайдалуу жооп