"Мини юбка кие албай калдым". Алтымыштагы кемпирдин арманы
Бүгүн түш көрдүм. Экөөбүз 60та экенбиз. Ишенесиңби, күтүлбөгөн жерден жалгызсырап, коркуп кеттим. Себеби, артыбызда кайрып алууга мүмкүн болбогон бир канча жыл калды. Ооба, бизде үй, машина, мал-жандык жана бойго жеткен балдарыбыз бар. А жылдарчы?! Алар кетип калды, түшүнүп жатасыңбы? Эмнегедир биз аларды коруп, ар бир мүмкүнчүлүгүбүздү “анан” деп коюп жүрө бердик: мен кыска юбка кийген жокмун, ал убакта эрте, кийин кеч болуп калды. Сен мурутуңду өстүрө алган жоксуң, анда аны маанисиз деп айтышчу, эми өзүң коркунучтуу болуп жатат дедиң.
А биз көз ачып жумганга жетишпей калдык. Чачыбызды ак басып, белибиз бүкүрөйүп, басканыбыз өзгөрүлдү. Убагында тааныган адамдардан кабар жок. Алардын дарегин, жакшы жашап жатышабы же жокпу билбейбиз. Бул коркунучтуу, мага ишенчи? Эмнеге биз шаштык экен... Жумуш, насыя, эми балдар чоңойсун дедик. Баары аткарылды, бирок, жаштыгыбыз кайдадыр кетип калды...
Биз алтымышта экенбиз, элестетсең? Азыр бизде сүйүүбүз жөнүндө эскергенге гана мүмкүнчүлүк калды: мени көтөрүп алып жааган жамгыр менен бирге тегерткениң, а мен катуу каткырып күлүп, токтот деп суранганым... Азыр ошондой болушун каалайм, бирок, радикулит, остеохондроз, бел оорусу. Баары башкача, биз жыйырмада эмеспиз...
Эшиктин алдында картайган итибиз менен олтурабыз, эхх... Каалаганыбызды жасап, акылыбыздан адаша албайбыз. “Бул күтө турат” дегендердин баарына кеч болуп калды, алар күтө алган жок: менин мини юбкам, сенин мурутуң. Угуп жатасыңбы! Биз жашаганга жетишпей калгандай, коркунучтуу бир түш көрдүм.