Мугалимге бул белекти берсеңиз, сүйүктүү окуучусуна айланасыз
Мугалимдер күнүндө сүйүктүү эжейиңизди көз жаздымда калтырып коюу болбойт. Бирок, сөзсүз эле кымбат белектерди беришим керек деп санаага батпаңыз. Өз колуңуз менен жасалган белек, мугалимдин көңүлүн көтөрүп, эсинде көпкө сакталат. Атайын сиз үчүн бир нече идеяларды айтып беребиз.
- Өзгөчө гүлдесте
Түстүү кагаздан гүлдүн формасын кесип алып, ортосуна окуучулар сүрөтүн чаптап коёсуз. Гүлдү сабына катырып, гүл челекке саласыз. Оргиналдуу белек даяр.
- Момпосуйдан гүлдесте
Бул белекти жасоо үчүн апаңыз момпосуйларды кайда катат, жакшылап билип алыңыз. Өтө кыйын эмес, бат эле жасалат.
- Калем саптан гүлдесте
Өзгөчө сүрөт мугалими үчүн жагымдуу белек. Гүл сабына кадимки түстүү калемди колдоносуз.
- Календарь.
Даяр календарды басып чыгарсаңыз же өзүңүз жасасаңыз да болот. Барактарга окуучулардын сүрөтүн чаптап, каалоолорду жазасыз.
- Жалпы сүрөт
Сүйүктүү класс жетекчиңизге, класстын жалпы түшкөн сүрөтүн рамага салып бериңиз. Эстеликке сактала турчу мыкты белек.
6. Открытка
Мугалимиңизге өз колуңуз менен открытка жасап берсеңиз, сиздин мээнетиңизди баалап, ыраазы болот.