Күйөөм менен ажыраштым, туура кылдымбы? Психолог жооп берет
Күйөөм менен 14 жыл чогуу жашап, ортобузда 4 балабыз бар. Ичкиликтин айынан ажырашууга аргасыз болдум. Себеби күйөөм үй-бүлөсүн бакбайт, ичет, кол көтөрөт, ойноштукка да барды. Бардыгына чыдадым, балдарым үчүн аракет кылдым. Бирок кол көтөргөнү көбөйгөндөн-көбөйө берди. Акыры сот аркылуу ажыраштым. Жаман болуп жүрөм. Ажырашканым туурабы? Кеңеш бергилечи?
Асель Баимбетова, @ psihologiya_kg
Сиз туура кылдымбы же туура эмес кылдымбы деп кеңеш сурап жатасыз. Менимче туура кадам жасаганыңызды өзүңүз деле билип турасыз. Анткени сиздин жашооңузга ден соолугуузга, балдарыңыздын психикасына доо кетти. Күйөөңуз менен бирге жашоонуу улантуу бардыгыңардын өмүрүңөр үчун коркунучтуу болчуу.
Ар дайым күйөөм, соо келеби же мас келеби деген ой басып турса, жакшы жумушта иштеп, балдарга татыктуу кам көро албайсыз. Ичкен эркек үй-бүлөсүн камсыздай албайт. Ансыз деле жоопкерчилик сиздин моюнуңузда эле.
Эгер күнүмдүк тиричилигиңер тынчып, балдарыңыз тынч уктаса демек туура чечим кабыл алгансыз.