Кайсы убакта чуркаган туура? Фитнес тренер жооп берет
Саламатсызбы. Мен чуркап баштасамбы дегем, кайсы учурда чуркаган туура? Эмнелерге көңүл бөлүшүм керек? Кандай тамактанышым керек?
Александр Задарожный
Фитнес-тренер
Саламатчылык. Белгилүү бир учурда, эртең менен же кечинде чуркоо керек деген так көрсөткүч жок. Башкысы сиздин убактыңызга жана иш тартибиңизге ылайыктуу болуушу керек. Мен сизге башкасына көңүл бөлүүнү сунуштайм.
Эгер бут кийимиңиз жөнөкөй кроссовка болсо, колдон келсе асфальт жол менен эмес, топурак менен чуркаган жакшы. Себеби асфальтталган көчө менен чуркаганда амортизация жакшы болбой, буттарыңызга, өзгөчө тизелериңизге күч келип калат.
Амортизация - буттун жерге урунуусун жумшартып, салмакты таманга текши бөлүштүрүү.
Ал эми тамактануу боюнча фитнес тренер ар бир кардарга анын жаш курагын, жынысын, салмагын, ден соолугун, жалпы физикалык абалын эске алып, индивидуалдуу рацион түзүп, күнүнө канча белок, канча углевод колдонушу керектигин эсептеп берет.
Ошондуктан стандартуу эле рекомендацияларды сунуштай алам.
- куурулган тамакты азайтуу
- койдун этин азайтуу
- өсүмдүк майын күнүмдүк тамактанууга кошуу, алар жаңгактарда бар
- кадимки таза сууну ичүүнү адатка айландыруу
- жер жемиштерди рационго кошуу
Ийгилик!