// //

Мектеп окуучулары чалдыкчу 3 оору

2018.10.01, 14:18
2652

Оор сумка көтөрүп кетип бараткан кичинекей окуучуну көргөндө “иий, байкуш” деп, ден-соолугуна кабатыр болобуз. Бүгүн биз окуучулар чалдыкчу негизги оорулар жана аларды алдын алуу жолдору тууралуу сүйлөшөбүз.

 

  1. Бүкүрөйүү

Көп окуучулар омуртка функциясынын бузулушунунан жапа чегишет. Мисалы, бүкүрөйүү, гиперкифос (тегерек арка) жана гиперлордоз (белдин ашыкча ийилүүсү),  “түз жон” (омуртка жетиштүү бүгүлбөйт).

Себептери: оор рюкзак, ыңгайсыз парта.

Белгилери: Баланын бели, колу, ийни ооруйт. Кээде башы ооруп жатканын айтат, денесин түз алып жүрө албайт.

Эмне кылуу керек?

  • Туура сумка тандап бериңиз. Салмагы баланын салмагынан 10-15% ашпашы керек. Рюкзактын жону катуурак, асынмасы кенен жана жумшак болсун.
  • Баланын боюна туура келген эмерек коюңуз.
  • Азыркы балдар көп убакытын компьютер алдында өткөрүшөт. Эңкейишин өзгөртүүгө мүмкүн болгон монитор алыңыз.
  • Күн сайын физикалык көнүгүү жасатыңыз. Кандай көнүүгүүлөр керек экенин дене-тарбия мугалиминен сурап алсаңыз болот.

  1. Алысты жакшы көрө албоо

Бул көйгөй ар бир үчүнчү окуучуга тааныш.

Себептери: китепти туура эмес окуу, компьютер, гаджеттерди көзгө жакын кармоо. 

Белгилери: тактайда жазылгандарды көрбөйт, алысты караганда көзүн жүлжүйтөт, башы ооруйт.

Эмне кылуу керек?

  • Балага экраны чоң телефон алып бериңиз. Гаджеттерди колдонуу убактысын чектеңиз. Компьютердин монитору чоң болсун. Анын жарыгын көзөмөлдөп туруңуз, өтө жарык же өтө күңгүрт болбосун.
  • Китепти жатып эмес, столго коюп алып окусун.
  • Сабак даярдап жатканда ар бир 20 мүнөт сайын 30 секунд тыныгуу алып, алысты карасын.

 

  1. Гастрит

Окуучулар сабактан чуркап чыга калып – газдалган суусундук, фастфуд же шоколад жешет. Минтип тамактанган бала ашыкча салмактуулук, иче-карын, кант диабети, жүрөк жана кан тамырлар ооруларына чалдыгат.

Себеби: мектептен бала эмнелерди жеп жатканын ата-эне көзөмөлдөй албайт.

Белгилери: ичи ооруйт, зарына болот, тамактан кийин өзүн оор сезет.

Эмне кылуу керек?

  • Мектептен берген тамактар жакпаса, өзү каалаганын жасап, жанына салып бериңиз. 
  • Зыяндуу азыктарды баланын көзүнчө жебеңиз. Алардын ден-соолукка тийгизген терс таасирлери тууралуу айтып бериңиз.
  • Көбүрөөк сейилдеңиздер.
  • Баланын салмагын көзөмөлдөп, дарыгерге алып барып туруңуз.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт