// //

Каттоого турган мөөнөтү бүттү. Эмне кылса болот?

2019.08.21, 14:46
740

Жолдошум Россиянын жараны. Бишкеке келгенине 3 жыл болду. Келгенде алты айга каттоого турган, ал убакыт бүткөндөн бери кайра каттоого турган жок. Эми Кыргызстандан чыгып кете турган болсо чек арадан көйгөй жаралбайбы? Эмне кылсак болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.08.2019, 14:47

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

2018-жылдын админстративдик жоопкерчилик жөнүндөгү беренесинде каттоодон өтүү тартибин бузган жаран 10 миң сомго чейин айып пул төлөчү. Бирок 2019-жылы бул кодекс өзгөргөн. Ал жерде чет өлкөнүн жараны каттоо тартибин бузса 1-категориядагы айып салынат деп жазылуу. Бул 1000 сом өлчөмүндөгү айып пул дегенди билдирет. Бул айыпты милиция кызматкери салат.

Жолдошуңуз каттоонун мөөнөтүн узартуу үчүн паспорт столго барсын. Ал жактын кызматкерлери милиция кызматкерлерине билдирме жазат, анан ошол билдирменин негизинде 1000 сом айып пул төлөйт.

Бирок берененин өзүндө “чет өлкөлүк жаранды чакырып каттоого коюу тартиби” деген түшүнүк бар. Бул айыпты чет өлкөлүк жаран эмес, чакырган адам төлөйт дегендик.  Бирок сиздин жолдошуңузду эч ким чакырган жок да.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт