Ажырашканы жатам, эмнелерге көңүл бурушум керек?
Жолдошум менен келише албай ажырашып жатам. Ортодо төрт балабыз бар. Үйдү ишеним кат менен баламдын атына которду, алимент дагы өндүрсөмбү деп жатам. Жолдошумдун жана менин атымда авто унаалар бар, ажырашууда алар да каралабы? Мен авто унааларды көйгөй кылып талашпайм, бирок алиментти жакшылап төлөп бер демекмин. Дагы кандай нерселерди ойлонсом болот?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
“Жакшылап төлөп бер” дегениңиз көбүрөөк берсин дегениңизби? Жолдошуңуз төрт балаңызга тапкан акчасынын жарымын берет.
Үй-бүлө кодексинин 25-беренесинде никени кыркуу учурунда сот тарабынан чечилүүчү маселелер деген бар. Бул беренеде мүлктү бөлүштүрүү, балдардын ким менен калаарын аныктоо, алимент өндүрүүү иштери каралат. Ар бир процессти өз-өзүнчө кылбай, сот учурунда эле бардык маселелерди чечип алсаңыз болот.
Анан үйдү алименттин эсебинен өткөрдүбү же жөн гана баласына өткөрүп бердиби? Ушул маселени да карап койсоңуз болот.