// //

Бизнесмен Эмиль Үметалиев сунуштаган 5 китеп

2019.08.16, 12:59
4206

Bilesinbi.kg Kyrgyz Concept компаниясынын президенти, белгилүү бизнесмен Эмиль Үметалиев өзү окуп жана окурмандарга сунуштаган 5 китеп жөнүндө айтып берет.

  1. Чыңгыз Айтматов “Ак кеме”

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” чыгармасында элдик башаттарга кайрылуу, жаратылыш менен адамдардын ыйманын сактоо маселеси курч коюлган. Мүйүздүү Эне жөнүндө жомок менен бугу уруусунун генеалогиясы тууралуу окуп, адам менен табияттын мамилесине саякат жасагыңыз келсе, бул китеп сиз үчүн.

                                                                  

  1. Китами Масао “Кылычсыз самурай”

Китами Масаонун бул китебинде XVI кылымдагы Япониянын легендарлуу жол башчысы Тойотоми Хидэйошинин ийгиликти багынтуу үчүн колдонгон лидерлик сырлары айтылат. Кайсы бир тармактын мыктысы болууну кааласаңыз Тойотоминин стратегиясы жана тактикасы жардам берет.

                                                                    

  1. Мээрим Эмиль "IQ биздин тагдырыбызбы?"

“Двоечниктердин” келечеги барбы? “Отличник” болуу жакшыбы? Кантип ийгиликтүү болсо болот? Ушул жана башка кызыктуу суроолорго жоопту Мээрим Эмилдин "IQ биздин тагдырыбызбы?" китебинен таба аласыз.

                                                                    

  1. Дарон Аджемоглу , Джеймс Робинсон “Почему одни страны богатые, а другие бедные”

Авторлор кылымдар бою тарыхчылар, экономисттер жана ойчулдарды тынчсыздандырган суроолорго жооп издешет: дүйнөлүк теңсиздик кантип пайда болгон, эмне үчүн дүйнө байлыгы, дүйнө өлкөлөрүнүн жана региондорунун ортосунда бирдей эмес бөлүштүрүлгөн ж.б. Бул суроолорго жооп тарыхтан, экономикадан, саясаттан мисал келтирүү менен берилет.

                                                                    

  1. Эр төштүк

«Эр Төштүк» - бул кыргыз элинин баатырдык эпосу болуп саналат. Ал байыркы кыргыздардын диндик ишенимдерин, мифологиясын, фантастикалык ой жүгүртүүлөрүн, салт-санаасын, жай турмушун чагылдырат. Башка чыгармалардан көркөмдүүлүгү жана кызыктуулугу менен айырмаланып турат.

                                                                     

Бизнесмен Мирбек Асангариев сунуштаган 10 китеп

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт