// //

Күйөөмдү Россияга жөнөтпөш үчүн кантип коркутсам болот деген келиндин баяны

2019.08.15, 16:34
8768

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Бул ирет күйөөсүн Москвага кетирбей, кантип кармап калса болоорун билбей жаткан келиндин катын баяндайбыз. 

Калбүбү: күйөөм тапкан акчасын байкелерине берет

Жолдошум экөөбүз экинчи наристебизди күтүп жатабыз. Күйөөм 5 бир туугандын кичүүсү. Эки кайын агам бар. Улуусу 5, кичүүсү 3 балалуу. Бир үйдө 18 адам жашайбыз. 

Былтыр күзүндө кайын агамдар аялдары менен Москвага иштегени кеткен. Кайын ата, кайын энемди, 7 айлык кызым менен тигилердин балдарын кошуп 8 ай бактым. Аябай кыйналдым. Май айында эки абысыным келишти. Рахмат айтканга жарашкан жок. Кайра “аябай арыктап кеткенсиң го” деп шылдыңдашты. Аз өтпөй эле алардын артынан күйлөөлөрү келди. Азык-түлүктөн аябай кыйналып кеттик.

Күйөөм статусуна чогуу түшкөн сүрөтүбүздү койсо, кайын эжемдер, “аялынын сүрөтүн киргизбей эле койбойбу” деп сүйлөнүшөт.

Эми болсо баары эле күйөөмдү Москвага барып иштеп кел деп жатышат. Ал кетип калса мен эмне болом. Абысындарыма балдарыңарды алып кеткиле деп айттым. Бирок кайын энем өз алдынча жумуш кыла албайт, тойгонун билбейт, дааратканага араңдан зорго барат. Үй жумуштарынын баары менин мойнумда. Экинчи балам төрөлүп калса кантип жетишем. Күйөөмдү кетпейсиң десем, кайын агамдар болбой жатат.

Баш кошконубузга араң эки жыл болду. Кайда болбосун чогуу жүрсөк жакшы болот эле го. Биринчи кызыбыз төрөлгөндө да жанымда эмес болчу, 6 айдан ашып калганда келген. Акчасы жок шаардан айылга кайта албай, тайлары кызыбызга энчилеп берген уйду сатып, Бишкектен тосуп алганбыз. Эми бул экинчи балабызда да ошондой болушун каалабайм.

Күйөөм тапкан акчасын байкелеринин кредитине, досторуна салат. 

Жолдошум, “мен келгиче үйүңдө жүрө тур”,- дейт. Бирок, мен төркүнүмө баргым келбейт. Өзүбүзчө тиричилик кылсак дейм. Үй, машина бар. Болгону кайын агамдарды бөлө албай жатабыз. Чогуу жашагандарына 12 жыл болуптур, балдарынын алды 10го чыгып калган.

Күйөөм бул айдын 20ларында Мосвкага кеткени жатат. Айлам калбай калганда, “ЗАГСты кыркып кет, ажырашабыз”,-деп коркутуп жатам. Кантип кармап калсам болот? Кетирбегиле деп кимге айтам?

Адистер кеңеш берет

Асель Баимбетова, психолог psihologiya_kg

Сизге туура эмес мамиле жасалып жатат, турмушка чыкпай эле, кулчулукка жазылып алганыңыздай сезилүүдө. Укуктарыңыздын бузулушуна, балким өзүңүз унчукпай, чыдап жүргөнүңүз себепкер, бул нерседен пайдаланып баары сизди колдонуп жатат.

Бирөөнүн баласын кароо сиздин милдетиңиз болуп саналбайт. Күйөөңүздүн чоң үй-бүлөсү тууралуу кеп козголуптур, өзүңүздүн ата-энеңиз кайда? Мындай учурларда ата-эне кызынын укугун коргойт, такыр болбой калганда алып кетет.

Негизги көйгөй – сизге баарын үйүп коюшкан, күйөөңүз жок ал нерселерге чыдай албайсыз. Коркутуп жатканыңыз жөн гана сөз, сиз буга чейин үй-бүлөңүздү жоготуп алуудан коркуп, көп нерсеге макул боло бергенсиз, ал эми азыр сиздин пикир эске алынбай калган.

Жакындарыңыз менен кеңешүүнү сунуштайм: атаңыз, апаңыз, бир туугандарыңыз. Учурдагы абалыңызда мен билбеген көп нерселер бар, ошондуктан так бир нерсе деп айта албайм.

Балким, болуп жаткан кырдаалга сиздин кош бойлуулугуңуз таасир берип жатат (абалды апыртып же кемитип кабыл алышыңыз мүмкүн), балким, эркелеп жатасыз, балким, күйөөңүз үй-бүлөсүндөгү кырдаалды жакшы билет, ошондуктан, ата-энеңиздикинде күтө турганыңыз жакшыраак, деп чечим кабыл алды. Кыскасы түшүнүксүз жагдайлар көп.

Жакшысы, абалды туура баалап, эмне кылуу керек экинин айтып кеңеш берчү жакындарыңыз менен сүйлөшүңүз.

Эльвира Чокоева, психолог elvira_psiholog

Кутмандуу күнүңүз менен! Катыңызды окуп отуруп, сиз туш болган бардык түйшүктөрдү, кыйынчылыктарды сезип жатам. Чоң үй-бүлөдө, тар үйдө 18 адам менен, жетишпеген турмушта, кош бойлуу болуп алып баарына кам көрүп жашоо абдан кыйын.

Бул жерде эң негизгиси, күйөөңүз сиз менен эмне үчун үй-бүлө курганы тууралуу сүйлөшүү. Жазганыңызга караганда, көбүнчө ал өз үй-бүлөсүнүн пайдасына чечим чыгарат экен:

  1. Байкелеринин кредитин төлөп, досторуна акча берүү үчүн иштейт, ал эми силердин кантип жашапр жатканынар коп ойлондурбайт.
  2. Аларды андан ары багуу үчүн Москвага кеткени жатат, а сиз бул убакытта өзүңүз көз жарып, түйшүктүн баарын тартышыңыз керек.
  3. Күйөөңүз ата-энесин угат, сиздин пикир эске алынбайт.

Мындан тышкары, үйүңөрдөгү атмосфера абдан жагымсыз. Кандай ойлойсуз, жагдайдын ушундай нукта өсүшүнө, сиз кандай салым коштуңуз? Күйөөңүзгө каалоолоруңуз жөнүндө айтасызбы же өзү билет деп унчукпай жүрө бересизби? Өзүңүзгө-өзүңүз душман болуп, жеке кызыкчылыктарыңызды коргобой, бактыңызды, комфортунузду курмандыкка чалуунун кереги барбы? 

Бир жакшы жери, жаш үй-бүлө экенсиңер, никеңерге эки гана жыл болуптур. Күйөөңүздөн силерди коргоосун сураңыз. Бул үй-бүлө башчысынын негизги милдети болуп саналат. Колдоосуна муктаж экениңизди, кетсе өзүңүздү алсыз сезээриңизди билдириңиз. Силердин үй-бүлөнүн кызыкчылыгын коргоо керек.

Өз алдынча бөлүнүп жашасаңар кандай болоорун, көркөмдөп айтып бериңиз. Бул нерсени канчалык эрте жасасаңыз, ошончолук жакшы. Убакыт өтүп жатат, андан кийин кандайдыр бир нерсени өзгөртүү абдан кыйын болуп калат. Күйөөңүз менен сүйлөшүп үй-бүлөңөрдүн чегин бирге коргоп баштагыла.

Сизге ийгилик каалайм!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт