// //

Бир жашка чейинки балдарга кантип кийим тандоо керек?

2019.08.15, 15:36
2205

Доктор Комаровский бир жашка чейинки наристелерге кандай кийим алып, эмнелерине көңүл бөлүү керек экенин айтып берди.

Bilesinbi.kg анын кенештерин өз окурмандарына сунуштайт. 

Балдарды кийинтүүнүн башкы максаты чоңдордукуна эле окошош. Табияттын жагымсыз факторлорунан сактоо, башкача айтканда, сууктан же ысыктан, жаандан же күндөн коргоо.  

Бирок заманбап жашоодо баланы кийинтүү, кандайдыр бир мактануу элементине айланды. Баласын укмуш кийинткен ата-энелер ал үчүн бардыгына даяр экенин көрсөткүсү келишет. Кийимдин эстетикалык функциясына көбүрөөк маани беришет.

Биз бүгүн медициналык жактан кандай шарттар аткарылууга тийиш экенин карап чыгабыз.

Наристе үчүн кийим тандаганда анын функционалдык жагына маани берүү керек. Көрктүүлүк эмес коопсуздук жана ыңгайлуулук биринчи орунда турууга тийиш.

Балаңызга кийим ала турган болсоңуз төмөнкү рекомендацияларга көңүл бурунуз:

  • Табигый материалдардан жасалган болсун: пахта, зыгырдын буласы
  • Кийимде коопсуз боектор колдонулсун (химикат кошулуп боелгон, деп күмөн санап жатсаңар өңү ак, агыш кийимдерди сатып алгыла).
  • Кийимдин тигилиши (конструкциясы) уктап жаткан балага кийгизүүгө (жана чечүүгө) ылайыктуу болсун.
  • Бир жашка чейинки наристелер чалкалап укташат, ошондуктан кийимдин аркасында эч кандай топчу, сыдырма, байлама, сүрөт, ою ж.б. болбошу керек. Бардыгы алдында болсун! (ашыкча кооздуктар, ленталар, сүрөттөр жок болсо андан да жакшы)
  • Дагы бир маанилүү деталь: баланын кийиминин жеңи чыпыйган, ичке болбошу керек. Наристенин кийинтип, чечинткен апасынын колу баткыдай кенен болсун.

Маалымат бул жерден алынды.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт