// //

Ата-энем мени “тиги, ана кызды айт, чакыр” деп атыман аташпайт

2019.08.15, 12:08
1048

Саламатсызбы. Менин ата-энем атыман чакырышпайт. “Тиги, ана кызды айт, чакыр” деп сүйлөшөт. Менин деле атым бар да, өздөрү коюшкан. Чыныгы ата-энем экенине ишенгим келбейт. Эмнеге мага ушундай мамиле жасашат?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
15.08.2019, 12:08

Асель Баимбетова

Психолог

Ата-энеңизге нааразычылыгыңыз бар экен. Сизге сый-урмат мамиле кылууну талап кылгыңыз келип турат. Өспүрүм куракта мындай суроолордун пайда болушу нормалдуу көрүнүш.

Ата-энеңиз менен мамилеңиз кандай? Колдон келсе, мени атыман айтып чакыргыла, мага мындай маиле жакпайт, деп айтыңыз. Өзүңүз айта албасаңыз, ата-энеңер сыйлаган адамдар аркылуу билдирүүгө аракет кылыңыз.

Менимче, сизде кандайдыр бир таарыныч же кызганыч бар. Башка бир тууганырыңызга кантип кайрылышат? Эгер баарын ушинтип аташса, эмне үчүн бул сөздөрү сизге катуу тийип жатат?

Сезимдериңизди, ички дүйнөңүздү талдап көрүңүз. Бул кырдаалга сырттан карап, анализдеңиз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт