// //

Банк аркылуу пенсия алуу жолдору

2019.08.15, 12:03
2682

Бүгүнкү күндө пенсияны банктык карта аркылуу алуу кадыресе көрүнүш болуп калды. Бирок, бул жерде пайдалуу, ошол эле учурда ишенимдүү банк тандап алуу өтө маанилүү.

Bilesinbi.kg “Айыл Банк" ААК аркылуу кантип пенсия алса болоорун айтып берет. Эгер өзүңүз, же ата-энеңиз, чоң ата, чоң энелериңиз пенсияны кайсы банк аркылуу алууну чече албай жатса, бул пайдалуу маалымат жардамга келет.

  1. "Айыл Банк" ААКнын Кыргызстан боюнча 180ден ашык тейлөө точкалары бар. Демек, сиз каалаган учурда банкоматтан же банктын бөлүмдөрүнө барып пенсия алаласыз.
  2. Банктан эсеп ачуу акысыз, болгону паспорт менен бир нече мүнөт талап кылынат. Андан кийин банк пенсия которуу үчүн колуңузга эсептин реквизиттерин берет. Аны Социалдык фонддун аймактык бөлүмүнө алып барып, пенсиямды ушул жакка которгула деп тапшырып коесуз. Бүттү.
  3. Пенсияны карта аркылуу алам десеңиз, акысыз  "Элкарт" төлөм картасын ачып койсоңуз болот.
  4. “Айыл Банк” ААКнын “Элкарт” төлөм картасын төмөнкү банктардын банкоматтары аркылуу да колдоно берсеңиз болот. 
  5. "Элкарт Мобайл" мобилдик тиркемесин жүктөп, ага төлөм картасын байлап койсоңуз, коммуналдык жана мобилдик операторлордун кызмат акыларын комиссиясыз төлөө, картадан башкалардын "Элкартына" акча которуу жана башка мүмкүнчүктөр пайда болот.
  6. Пенсияңызды сактап жана топтогуңуз келсе, банк сизге "Ардагер" депозитин сунуштайт. Депозит ачуу үчүн паспортуңуз менен пенсиялык күбөлүгүңүз керек. Депозиттин минималдык суммасы 1000 сом, 12 айга жылдык 7%, 24 айга чейин - 9%.

Учурда "Айыл Банк" ААКда акция жүрүп жатат. 1-августтан тартып 31-декабрга чейин "Ардагер" депозитинин стандарттык ченине +1% алууга болот. Толук маалымат бул жерде.

Кошумча маалыматты банктын расмий сайтынан таба аласыз ab.kg.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт