Кош бойлуу кезде бала эмизсе болобу? Маммолог жооп берет
Саламатсызбы. Менин боюмда бар, 4 ай болуп калды. Улуу балама 10 ай болду. Эмизе берсем болобу?
Аида Осомбаева
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, маммолог
Негизи кош бойлуу кезде эмизе берсе болот. Бирок эмизүүнү улантасызбы же эмчектен чыгарасызбы өзүңүз чечесиз.
Биз боюнда бар келиндерге улуу баласын эмчектен чыгарууну сунуштайбыз. Витаминдер жана пайдалуу минералдар үч адамга зарыл: колуңуздагы балага, курсактагы ымыркайга жана өзүңүзгө. 10 айлык балаңыздын тиши чыгып, кошумча тамак ичкенге жарап калса керек. Ал эми курсактагы бала сиз аркылуу гана азыктанат.
Эгер эмизүүнү уланткыңыз келсе, тамактанууңузга көңүл бөлүп, рационду түрлөнтүп, витаминдерди ичиңиз.
Аман-эсен көз жарып алыңыз!
Бул жерден окуңуз: Бир жашка чейинки балага кандай тамак берсе болот? Педиатр айтып берет