Кошунама чочко бакпа деп кантип айтсам болот?
Менин кошунам чочко багат. Эми жыты аябай сасык. Бакпа деп айтсак укпай жатат. Эмне кылсак болот?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман, эгер маселени өз ара чечүү мүмкүн болбой жатса, анда сиз өзүңүз жашаган аймактык санэпидемстанция бөлүмүнө арыз менен кайрылыңыз.
КРнын Өкмөтү 2015-жылдын 19-июну № 377 Жаныбарлардын ооруларын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптарды бекитүү жөнүндө токтом кабыл алган. Ал токтомдун негизинде чочко багуунун талаптары бектилген.
Белгилеп кетчү жагдай, сизге чочколордун жыты келип жатса, демек кошунаңыз чочко багуунун тартибин сактабай жатат деп эсептөөгө болот. Анткени бул токтомдун 236-бөлүгүндө "Чочко кармалган жайда майда-барат шаймандар ысык суу менен атайын жуулууга тийиш. Бардык жайлар 10 күндө бир жолу өчүрүлбөгөн акиташ менен зыянсыздандырылат. Чочколордун жана жылкылардын мителерин дезинвазиялоо үчүн бир хлорлуу йоддун аралашмалары (10%), жегич натрийдин 5% аралашмалары (каустикалык сода) жана мал чарбасында жана ветеринарияда колдонууга жол берилген башка химиялык каражаттар колдонулат. Химиялык тазалоодон кийин жайлар ич жагынан жаңы өчүрүлгөн акиташ менен акталууга тийиш" деп көрсөтүлгөн.
Эгер кошунаңыз бул талаптарды аткарган болсо, сиз анын чочко багып жатканын билбейт болчуңуз (чочколордун үндөрү келбесе эле). Жогорудагы токтом менен сөзсүз таанышып чыгып, тиешелүү органдарга кайрылыңыз.