// //

Кайын энемдин айынан жыныстык катнашка баралбайбыз деген келиндин баяны

2019.08.14, 10:06
43030

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Майрам: кошулуп жатканда эки көзбүз эшикте

Эки ай мурун турмушка чыккам. Өзүм 22 демин. Күйөөм 26да, бир үйдүн жалгыз уулу. Карындашы бар, ал күйөөгө тийген.

Жолдошум экөөбүз тең иштейбиз. Кайын журтум менен чогуу турабыз. Кайын энемдин азык-түлүк саткан дүкөнү бар. Кайын атам ага жардам берет. Кыскасы, турмушубуз жаман эмес.

Күн сайын түндөсү кайын энем эшикти такылдатпастан бөлмөбүзгө кирип, баласы уктап жатабы карап, анан чыгып кетет. Анын айынан нормалдуу жыныстык катнашка бара албайбыз. Качан кирип келе калат экен деп, эки көзүбүз эшикте. Бара-бара каалооң да жоголуп баштайт экен.

Чоңоюп үйлөнгөн баласын текшерген - бул эмне деген адат! Кыжырымды келтирет! Кайын энем менен болгон мамилемди бузгум келбейт. Бирок кантип түшүндүрсөм болот? Күйөөм өзүң айт дейт. Баса, кайын энем 63тө.

Адис эмне дейт

Тамара Борисовна, психолог

Сиз уулу бойго жеткенби же жокпу деп сурап жатасыз. Көргөнүңүздөй – жок! Жолдошуңуз бул нерсеге ыраазы, апасынын камкордугуна сиздики да кошулуп жатат.

Сиздин күйөөңүз салтты жамынып алып өз алдынча жашагысы келбегенин бери кой, жаштардын бөлмөсүнө (башкалардын да) уруксатсыз кирүү – бул тарбиясыздык, маданияттын жана сыйдын жок экенин билдирээрин апасына айткандан коркот. Ал эми апасы өзүнүн бийлигин көрсөтүп жатат (кимдир бирөө ага бир нерсе деп эле көрсүнчү).

Мунун эмне кереги бар? Үйлөнгөн жигит ата-энеси менен жашашы керек деген салтты таңуулоонун айынан, сыртта 21-кылым экенин эскерте кетели,  канчалаган үй-бүлөлөр бузулууда же бактысыз, бири-бирин жек көргөн адамдар чогуу жашап жатышат.

Ар дайым сиздин же башка конфликттүү абалдарды чечүүнүн бир канча жолу болот.

  1. Энелер сунуштагандай унчукпоо же жарылгыча, психосоматикалык көйгөйлөр менен ар кандай оорулар пайда болгуча чыдоо.
  2. Күйөөңүздү апасы менен сүйлөштүрүүгө көндүрүү – болду эми чоңоюшу керек! Ага апасы таарынбайт. Ошондой эле ал эшикке кулпу тагып койсун, бул нерсени баары туура түшүнүшү зарыл.
  3. Өзүңүз кайын энеңиз менен сүйлөшүңүз. Дайыма бир суроону чечип жатканда мактоодон же позитивден баштоо керек. Мисалы, “Апа, мен сизди жакшы көрөм, сиз мага көп нерсени үйрөттүңүз...ж.б. Кечинде эмне үчүн бөлмөбүзгө кирип жатканыңызды түшүнө албайм? Мага оңтойсуз жана ыңгайсыз, уялып жатам”.

Кайын энеңиз сизди туура түшүнөбү – кеп мына ушунда. Анткени ал муну атайылап жасап жатат. Бирок, аракет кылып көрүңүз.

  1. Өз алдынча бөлүнгүчө чыдап күтүү. Эгер андай болбосо 1 же 2 вариант.

Кандай гана болбосун, чогуу жашоодо бул башталышы гана, мындай түнкү текшерүүлөргө караганда, андан кийин жаман болушу ыктымал.  

Өзүңүздүн позицияңызды, жок эле дегенде – үй-бүлөңүздүн чегин, чогуу жашоонун башында эле белгилеп койгонуңуз жакшы.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт