// //

Кызыл, күрөң же кара: этек кириңиздин түсү эмнени билдирет

2019.08.13, 18:40
29593

Этек кир— аялдын организминин циклдүү өзгөрүшү менен ай сайын жатындан келген кан. Нормалдуу менструалдык кан: кара, күрөң, кочкул кызыл, ачык кызыл, кызгылт жана саргылт түстө болот. Айрым учурда бул түстөр ден соолугуңузда көйгөйлөр бар экенин билдирет. Келиңиз, ар бирөөсүн өз-өзүнчө карап чыгалы. 

Күрөң кан аралашкан суюктук (выделения)

Этек кир учурундагы күрөң кан аралашкан суюктук –  эски кандын белгиси. Кабатыр болбоңуз, кан башында кызыл эле болчу, болгону жатындан жай агып отуруп, кычкылданып калган.

Күрөң түстөгү кан булар менен байланыштуу болушу мүмкүн:

  • Айыздын башталышы жана аягы;
  • Лохия ( төрөгөндөн кийин жыныстык органдары тазаланып жатканда, сыртка чыгуучу кир суюктук);
  • Кош бойлуулук ( токтоп калган кан агуунун белгиси, бейтапканага баруу керек);
  • Токтоп калган кош бойлуулук (дароо дарыгерге кайрылуу зарыл).

Кочкул кызыл кан

Кочкул кызыл кан көбүнчө ойгонгондо же көпкө чейин отургандан кийин туруп кыймылдай баштаганда келет. Бул түс - кан жатында көп убакыт болгонун билдирет (бирок, кычкылданып, күрөң болуп калганча узак эмес). Ошондуктан, аялдардын каны менструациясынын аягында, кан агуунун көлөмү төмөндөгөндө карарып баштайт.  

Кочкул-кызыл кан булар менен байланыштуу болушу мүмкүн:

  • Айыздын акыркы күндөрү;
  • Лохия.

Ачык кызыл кан

Көбүнчө менструалдык циклдин башында, кан агуу интенсивдүү учурунда ачык кызыл түстөгү кан келет. Кандын түсү айыз мөөнөтү бүткүчө өзгөрбөшү же аягында кара болуп калышы ыктымал.  

Ачык кызыл кан булар менен байланыштуу болушу мүмкүн:

  • Инфекция. Мисалы, хламидиоз же гонореяда этек кир ортолорунда кан келет. Эгер күтүлүп жаткан ментруацияга чейин эле кан агуу келсе, гинекологго кайрылуу зарыл;
  • Кош бойлуулук. Боюңузда бар болсо, кан аралашкан суюктук келип жатканын байкасаңыз, бойдон түшүү, патология, инфекцияны алдын алуу үчүн дарыгерден кеңеш алып койгонуңуз туура болот;
  • Полип же фиброз. Бул учурда да дароо дарыгерге баруу кажет.

Кызгылт (розовый) түстөгү кан

Этек кир каны менструациянын башында жана аягында кызгылт болушу мүмкүн, өзгөчө, эгер сизде “мажущие выделения” болсо.  Ачык түстөгү кан - кан жатын моюнчасындагы суюктук менен аралашып, түсү өтө интенсивдүү болбой калган дегенди билдирет.

Кызгылт же ачык кызыл түстөгү кан булар менен байланыштуу болушу мүмкүн:

  • Төрөттөн кийин кан агуу (лохия);
  • Эстроген гормонунун төмөндүгү;
  • Менструалдык цикл ортосундагы жана овуляция учурундагы кан аралаш суюктук;
  • Бойдон түшүү;
  • Жумуртка уруктангандан кийин кан аралашкан суюктук.

Саргылт түстөгү кан

Кан жатын моюнчасындагы суюктук менен аралашканда саргылт түстө да болуп калат. Мындайча айтканда, жогорудагы кызгылт түстөгү кан экөөнүн себептери окшош.

Саргылт түстөгү кан булар менен байланыштуу болушу мүмкүн:

  • Жумуртка уруктангандан кийин кан аралашкан суюктук. Кээ бир аялдар, уруктангандан кийин же уруктангандан 10-14 күн өткөн соң саргылт, кызгылт же ачык кызыл түстөгү кан аралашкан суюктук келип жатканын айтышат. Бул ар бир аялда боло бербейт, бирок эгер сиз кан аралашкан суюктукту байкап калсаңыз, ал этек кир учурунда да токтобосо, кош бойлуулукка тест жасап көрүшүңүз керек;
  • Инфекция. Ар бир өзгөчө түстөгү суюктук, бактериалдык жана жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекциялардын белгиси болушу мүмкүн.

Боз түстөгү суюктук

Боз түстөгү суюктуктун бөлүнүп чыгышы булар менен байланыштуу болушу мүмкүн:

  • Бул түс сизде бактериалдык инфекция бар экенин билдирет. Инфекциянын дагы башка белгилери: температуранын жогорулашы, оору, жагымсыз жыт жана кычышуу;
  • Бойдон түшүү. Эгер кош бойлуу болсоңуз, бул түстөгү суюктуктун бойдон түшүү менен байланышы бар.

Кан аралашкан боз же бозомтук ак түстөгү суюктук келип жатканын байкасаңыз, гинекологго кайрылыңыз!

Кара түстөгү кан

Кара түстөгү кан коркунучтүү көрүнгөнү менен, кандайдыр бир патологиянын белгиси эмес. Жатындан жай агып чыккан кан кара болуп калат. Мындай суюктук килкилдек сымал жана кофенин тунмасына окшош болушу мүмкүн.

Маанилүү! Эгер сиз этек кир учурунда же кадимки күндөрдө жыныс кыныңыздан өзгөчө түстөгү суюктук келип жатканын байкасаңыз, жыты бар же жок болсо деле, интернеттен издеп убара болбой, кесипкөй дарыгерге көрүнүңүз. Дарыланууну канчалык эртерээк баштаса, оорудан кутулуу ошончолук жеңил болот.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
24.09.2019, 08:19

Bilesinbi kg

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт