Баламды өз атыма кантип которуп алсам болот?
Саламатсызбы! Күйөөм экөөбүз жашабай калганыбызга 4 жыл болду. 6 жаштагы балабыз бар, мени менен жашайт. Ортодо ЗАГС жок, 4 жыл ичинде күйөөмдү көргөн жокмун, каякта экенин билбейм, алимент албайм. Учурунда арыз жазып, баламдын фамилиясын атасыныкына өткөрүп койгон элем. Эми өзүмдүкүнө кантип которуп алсам болот?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Саламатсызбы! КРнын Үй-бүлө Кодексинин 68-беренесинин 1-бөлүмүндө "Ата-энелер баланын толук өсүшү, билим алышы, ден соолугунун чыңдалышы жана аны үй-бүлөдө жана коомдо өз алдынча турмушка даярдоо үчүн зарыл шарттарды түзүүгө милдеттүү" деп көрсөтүлгөн.
Ушул эле Кодекстин 74-беренесинде "Эгерде ата-энелик милдеттерин аткаруудан, анын ичинде алимент төлөөдөн кыянаттык менен качса, анда аталык укугунан ажыратылууга негиз болот" деп айтылган.
Демек, балаңыздын атасы өзүнүн милдетин аткарбай жатса, аны аталык укугунан ажыратуу боюнча сотко доо арыз жазышыңыз керек. Эгер күйөөңүздүн жашаган жерин билбесеңиз, анын акыркы сизге белгилүү болгон жашаган жери боюнча сотко кайрыласыз.