Өмүрү кыздар менен өбүшүп көрбөгөн жигиттин баяны
Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.
Редакциябызга биринчи нике түндөн коркуп жатам деп көп жигиттер кайрылат. Бул ирет алардын бирөөсүнүн катын баяндайбыз.
Кадырбек: турбай калса элдин бетин кантип карайм
Быйыл окумду бүттүм. Буйруса күзүндө үйлөнөм. Сүйлөшкөн кызым бар. Бир университетте окуганбыз. Акыркы курстарда тил табышып кыз-жигит болуп калдык. Учурда айылдамын. Тойго камынып жатабыз. Аябай толкунданып жүрөм.
Бир көйгөйүм бар. Ал тууралуу атам менен ачык сүйлөшө албайм. Кыскасы, өмүрү кыз менен өбүшүп, жакын мамиледе болуп көргөн эмесмин. Той айылда болот. Анан, албетте, жеңелер нике түнгө киргизет. Уят болуп, эч нерсе кыла албай калсам эмне болот? Келинчегимдин, элдин, досторумдун бетин кантип карайм? Күндөн-күнгө коркуп, толкундаганым күчөп барат.
Сексолог, психотерапевт Илья Комаровер эмне дейт
Биринчиден жыныстык катнашка барууга өнөктөштөрдүн экөө тең макул болушу керек. Эшиктин сыртында бирөөлөр тыңшап турса, эки жаш уялат, жакындыкты каалабайт. Бул аял менен эркектин ортосундагы интимдүү процесс, жыйынтыгында бала пайда болот. Чоң аталарыңыз, чоң энелериңиз жана ата-энеңиз ошентип жаралган. Эгер секс менен алектенбесе кийинки муун жок болот. Андыктан, коркуунун эч кандай пайдасы жок.
Эмне кылышым керек? Эң көп берилген суроо. Эркек эмне кылууну так билип, активдүү болушу зарыл. Кызга жакындоодон мурун, китепканага барып же интернеттен аялдын жана эркектин анатомиясын таап окуңуз. Сапаттуу жана толук кандуу кумар алуу үчүн бир ирет китепканага барып аялдын (эркектин да) жыныс органдарын окуп чыгуу колуңуздан келет деп ишенем. Анан толкундануу өзүнөн-өзү жоголот. Эмне үчүн? Себеби чоң энелериңиз да , ата-энеңиз да коркушкан эмес. Алар жыныстык катнашка барып, нормалдуу эле жашап келишкен. Анын далили сизсиз.
А сиз нормалдуу сексуалдык мамиледен (үй-бүлөлүк) коркуп, коендой титиреп жатасыз. Табият баарын сиз үчүн чечип койгон. Коркуулар сиздин башыңызда гана.