// //

Зордуктоо боюнча жабылган ишти, кайра козгосом болобу? Юрист жооп берет

2019.08.09, 11:03
1305

Саламатсызбы! Мен 19 жаштамын. 2019-жылдын март айында зордуктоого кабылгам. Анан ал жигит мени албайм дегенинен улам арыз менен сотко кайрылгам. Кийин ата-энеси келип, мени келин кылабыз деп алып кетишти. Баласы албайм деп каршылык көрсөткөнүнө карашкан жок. Арызымды кайтарып алдым. Сот иштери бүткөн соң кайын энем, "эми кете берсең болот, ишти жабуу үчүн алганбыз" деп кууп чыгышты. Күйөөм "колуңдан эч нерсе келбейт" деп шылдыңдап жатат. Сотко кайрадан кайрылсам, ишти козгоп беришеби?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.08.2019, 11:08

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи 

Урматтуу окурман! Ишиңиз каралган сотко барып, “менин ишим бул айда каралган эле, жараштык деп жапканбыз, бирок сот мага иш бүткөнү боюнча кагаз берген эмес, ошону алганы келдим” деп аты-жөнүңүздү айтсаңыз, сизге ишиңиз тууралуу токтом бериши керек. Анткени сиз жабырлануучу болуп өткөнсүз.

Андан кийин ал токтом менен макул эмес экениңизди айтып, “жарашуунун максаты чогуу жашамакпыз, бирок андай болбоду, токтомду бузуп, ишти кайрадан козгоп берүүңүздү суранам” деп апелляциялык сотко арызданасыз. Арызыңыз канааттандырылса, иш кайрадан каралып, кылмышкер жоопкерчиликке тартылат.

Айта кетчү нерсе, токтомдун даттануу мөөнөтү болот, аны эсептөө зарыл. Соттон токтомду алып, редакция аркылуу жөнөтүп, мени менен байланышка чыксаңыз, кененирээк кеңеш берүүгө аракет кылам.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт